Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

Иран: Натанздагы уран байытуучу заводдо авария болду


Натанздагы уран байытуучу завод
Натанздагы уран байытуучу завод

Ирандын Натанздагы уран байытуучу заводунун электр бөлүштүрүүчү түйүнүндө авария болду. Бул тууралуу Ирандын Атомдук энергия боюнча уюмунун өкүлү Бехруз Камалвандиге шилтеме берип мамлекеттик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Бул окуя расмий Тегеран уранды байытууну тездеткен жаңы центрифуганы ишке бергенден бир күндөн кийин орун алды. Окуя Ирандын өзөктүк программа боюнча дүйнөлүк алты держава менен сүйлөшүүлөрдү баштап жаткан учурга туш келди.

«Кырсыктан эч ким жабыркаган жок жана айлана-чөйрөгө зыяны болгон жок»,-деп билдирди Камалванди.

Былтыр Натанздагы өзөктүк жайда өрт чыккан эле. Ал учурда расмий Тегеран кырсык өзөктүк программаны үзгүлтүккө учуратууну каалаган саботаж болушу мүмкүн экенин билдирген.

Натанздагы жер астындагы завод Ирандын өзөктүк байытуучу негизги объекттеринин бири болуп саналат. Анын ишмердигине БУУнун өзөктүк энергетика жаатындагы органы саналган МАГАТЭнин инспекторлору көз салып келет.

XS
SM
MD
LG