Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 03:12

Ошто үй карактап качып бараткан үч киши жол кырсыгынан каза болду


Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кырсык болгон жерден тарткан сүрөтү.

Ош шаарында 11-апрелге караган түнү жеңил машине менен жүк ташуучу автоунаа кагышып, үч киши каза болгон. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, жол кырсыгынан жараат алган бир киши шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Учурда сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.

Шектүүлөр кырсыкка кабылганга чейин милициядан качып баратышкан. Милицияга Ош шаарынын тургуну бир нече киши үйүнө бастырып кирип, ур-токмокко алып, тоноп кеткенин айтып кайрылган.

Жеринен кароо жүргүзүүдө тоноого шектелгендер бараткан автоунаадан союл табылган.(DU)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG