Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:57

Кыргызстанда добуш берүү аяктап, шайлоо тилкелери жабылды


Бишкектеги добушканалардын бири. 11-апрель, 2021-жыл.
Бишкектеги добушканалардын бири. 11-апрель, 2021-жыл.

Кыргызстандагы бардык добушканалар кечки саат сегизде жабылды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, кечки саат алтыга карата 1 миллиондон ашык жаран добуш берди. Жергиликтүү кеңештерге шайлоого 1 024 891, референдумга 1 061 591 жаран келди.

Шаардык кеңештерге 3 03 176 шайлоочу добуш берип, жалпы шайлоочулардын 28,89% түздү.

Ал эми айылдык кеңештер үчүн 721 715 жаран добуш берди. Бул - жалпы шайлоочулардын 31,81%.

Конституциянын жаңы редакциясы коюлган жалпы элдик референдумга катышкандар 29,44% жетти. Башкача айтканда, 1 061 591 киши добуш берүүгө келди. Жалпы шайлоочулардын 30% катышса, референдум өттү деп эсептелет.

Референдумду өткөрүү үчүн 2483 шайлоо тилкеси ачылган. Анын 48и чет мамлекеттерде уюштурулган.

Референдумга катышууга 3 606 201 жаран, жергиликтүү кеңештерге шайлоого 3 318 130 жаран катталган.

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өттү.

XS
SM
MD
LG