Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:19

ИИМ: Талапкерлердин бири алдамчылыкка шектелүүдө


Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум. Жалал-Абад облустарындагы добушканалардын бири. 11-апрель, 2021-жыл.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум. Жалал-Абад облустарындагы добушканалардын бири. 11-апрель, 2021-жыл.

Чүй облусунун Аламүдүн районунда жергиликтүү кеңешке депутаттыкка талапкер алдамчылыкка шектелүүдө.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов 11-апрелдеги брифингде билдирди.

Анын айтымында, талапкерге карата шайлоого чейин кылмыш иши козголгон. Ал 10-апрелде кармалып, кайра соттун чечими менен эч кайда кетпөө тууралуу тил кат менен бошотулган.

Макилов милиция кызматкерлерине кармалган адам өзүнүн талапкер экенин айтпаганын жана ал катардагы жаран катары кылмышка шектелип кармалганын кошумчалады.

Буга чейин Башкы прокуратуранын өкүлдөрү Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында жергиликтүү кеңештерге талапкер болгон үч киши мурда кылган кылмыштары үчүн кармалганын билдиришкен.

Талапкерлердин кайсы партиядан экени жана ысымдары аталган жок. 11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө. Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, саат 18:00гө карата 1 миллиондон ашык адам добуш берүүгө катышты. Жергиликтүү кеңештерге шайлоого 1 024 891, референдумга 1 061 591 киши келди. (NT)

XS
SM
MD
LG