Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

Референдум: Түштүк Кореяда добуш берүү аяктады


Кыргызстандын Сеулдагы элчилигинде добуш берүүгө келгендер, 11-апрель 2021-жыл.
Кыргызстандын Сеулдагы элчилигинде добуш берүүгө келгендер, 11-апрель 2021-жыл.

Түштүк Кореянын баш калаасы Сеул шаарындагы кыргыз элчилигинде жайгашкан шайлоо участогу Бишкек сааты боюнча 17:00дө жабылды. Шайлоо комиссиясынын төрагасы, Түштүк Кореядагы кыргыз диаспорасынын активисти Эмилбек Калилов Конституциянын долбоору боюнча 11-апрелдеги референдумга мурдагыдан азыраак киши катышканын “Азаттыкка” айтты.

“Бул жерде шайлоо жакшы өттү. 55тей шайлоочу келди. Алардын 50-51 пайызы Конституциянын долбоорун жакташты. 49 пайызы каршы болушту. Баш мыйзамды жактагандар 2 пайызга көбүрөөк болду. Түштүк Кореяда 1470тей кыргыз жараны катталган. Бул жакта добуш берүүчүлөр шайлоого пассивдүү түрдө катышып келген. Адатта тизмедегилердин 10-15 пайызы келип, добуш беришчү. Бул референдумга азыраак келди. 4 пайыздай болуп калды окшойт”, - деди Калилов.

10-январдагы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого жана референдумга Сеул шаарында 150-170тей кыргыз жараны катышканы кабарланган.

Борбордук шайлоо комиссиянын тизмесине ылайык, 11-апрелдеги референдумда дүйнөнүн 30дай өлкөсүндөгү 58 598 кыргыз жараны добуш берүүгө укуктуу. Алардын жарымынан көбү же 38 миңге чукулу Орусияда жашап-иштеген кыргызстандыктар.

XS
SM
MD
LG