Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:09

Милиция көчөдө аялды сабаган факты боюнча иш козгоду


Интернетке жарыяланган тасмадан алынган сүрөт. Бишкек. 11-апрель, 2021-жыл.
Интернетке жарыяланган тасмадан алынган сүрөт. Бишкек. 11-апрель, 2021-жыл.

Интернетте көчөдө бир адамдын кызды кууп жүрүп, сабап жатканы тартылган тасма тараган. Тасма күндүз Бишкектин көчөлөрүнүн биринде тартылган. Анда 18-20 жаштардагы кыз эркектен качып, жолдогу кишилерден жардам сурап жатканын көрүүгө болот. Тасманы тартып жаткан адам милицияга маалымдап, окуя Бишкектин Дэн Сяопин жана Кустанай көчөлөрүнүн кесилишинде болуп жатканын түшүндүргөнү угулат.

Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы тасмадагы окуя боюнча Биринчи май райондук милиция бөлүмү иш алып барып жатканын билдирди. Мекеменин маалымат катчысы Улан Жумаков "Азаттыкка" видеодогу келин аман-эсен экенин билдирди.

11-апрелде 19:00 чамасында Бишкектин Кустанай жана Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде үй-бүлөлүк жаңжал болуп жатканы тууралуу маалымат «102» кызматына түшкөн. Милиция окуя болгон жерге барып, 27 жаштагы Ш. Ж. аялын сабаганын аныктаган. Ш. Ж. милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Бул факт Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") боюнча бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Иликтөө жүрүп жатат.

Буга чейин уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясынан улам коомчулукта аялдарга зомбулукту токтотуу маселеси курч бойдон турат. 27 жаштагы Айзаданы Бишкектин көчөсүнөн белгисиз үч адам күчтөп автоунаага салып кеткени тууралуу маалымат милицияга 5-апрелде саат 7:21 чамасында берилген. Бул учур жол боюндагы кафенин видеокамерасына түшүп калган. Тасма ошол эле күнү интернетке тараган.

Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган.

Бишкек шаардык милициясы адам уурдоого шек саналган 31 жаштагы Замирбек Теңизбаев кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйганын билдирди.

Бул окуя коомчулукта милицияга сынды күчөттү. Бишкек менен Ошто ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү. Ички иштер министринин 9-апрелдеги буйругу менен Бишкек шаардык милициясынын башчысы Бакыт Матмусаев баштаган 10 кызматкер иштен алынып, дагы 34 кызматкер түрдүү кызматтык жазага тартылганы кабарланды.(ZKo)

XS
SM
MD
LG