Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:55

Курсан Асановдун соту уланат


Курсан Асанов Жогорку Кеңеште. Июнь, 2019-жыл.
Курсан Асанов Жогорку Кеңеште. Июнь, 2019-жыл.

Бүгүн, 11-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жана аны менен кошо айыпталып жаткан Турсунбек Бейшенбеков менен Дамир Пайзилда уулунун ишин кароону улантат.

Асановдун адвокаты Таалайгүл Токтакунованын «Азаттыкка» билдиргенине караганда, бүгүнкү жараянда күбөлөрдүн көрсөтмө берүүсү башталат.

«Жабырлануучулар көрсөтмө берип бүттү. Бүгүндөн тартып күбөлөр көрсөтмө бере баштайт», - деди ал.

7-августтагы отурумда мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков көрсөтмө берген. Аны менен кошо Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү да суралган.

Прокуратура Курсан Асановго үч кылмыш ишин козгогон. Биринчиси боюнча ИИМдин эки кызматкерин өзүнө мыйзамсыз жол менен жеке иштери үчүн жардамчы жана жансакчы кылып дайындап алгандыктан, мамлекетке 793 миң сом зыян келтирилген деп кине коюлууда.

Экинчиси боюнча Асанов өзү жана өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков мурдагы вице-премьер Разаковду өтө оор кылмыштарга байланыштуу айыптаган жалган маалыматтарды таратканы үчүн айыпталууда.

Үчүнчү иш 2019-жылдагы Кой-Таш окуясына байланыштуу. Ал боюнча Асановго «тергөө үчүн маанилүү далилдерди жашырып, кийин аларды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине өткөрүп берген» деген негиздеги айып коюлган. Бул үч иш бириктирилип каралып жатат.

Асанов ИИМдеги кызматынан «Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен алынган. Соттук териштирүү 2020-жылдын 14-февралында башталган. Асанов өзү 2019-жылдын 27-августунан бери үй камагында жана өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG