Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:26

Сулайманов: шайлоо добуш сатып алуу жана админресурс менен өттү


Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

“Бир бол” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов 11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге шайлоо мыйзам бузуу менен коштолгонун айтып чыкты. Ал "Фесбуктагы" баракчасына буга чейинки шайлоолор сабак болбогонун жазды. Сулайманов “Азаттыкка” комментарий берип жатып, шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу керектигин билдирди.

“Өткөн шайлоодон эч кандай айырмасы болгон жок. Ошондой эле административдик ресурс, добуш сатып алуу болду. Акчанын, бийликтин күчү менен жеңишке жетишишти. Биз мыйзамды түп тамырынан өзгөртүшүбүз керек экен”, - деди Сулайманов.

Сулайманов шайлоодо мыйзамсыз көрүнүштөргө эл жана бийлик дагы бирдей күнөөлү экенин белгиледи. Анын “Бир бол” партиясы Ош шаардык кеңешке шайлоого катышкан, бирок баштапкы маалыматка ылайык, босого чектен өтпөй калды.

Ири шаарлар саналган Бишкек, Ош шаарында айрым партиялар шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып чыгышты.

11-апрелде 18:00гө карата Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) мыйзам бузууга байланыштуу 43 арыз түшкөн. Алардын көпчүлүгү добуш сатып алуу жана административдик ресурс боюнча кайрылуулар.

Милиция шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу 70 кайрылуу келип түшкөнүн кабарлаган. Анын теңине жакыны ырасталбагандыктан, иштен кыскартылган. Бишкек шаарында добуш сатып алууга шектелип кармалгандар болду.

Добуш берүүгө жалпы өлкө боюнча 370 байкоочусу көз салган "Жалпы иш" коомдук уюму добуш берүүдө мыйзам бузулушу мүмкүн делген жүздөн ашык учур катталганын кабарлады. Алардын 65и Бишкекте, 36сы Ош шаарында орун алды.

Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюмунун өкүлдөрү, КМШ миссиясы, Орусиядан келген байкоочулар Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумда олуттуу мыйзам бузуулар болбогонун билдиришти.

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Ошондой эле Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду. Баштапкы расмий маалыматтарга ылайык, жалпы тизмедеги шайлоочулардын 35,30% добуш берди. (TSh)

XS
SM
MD
LG