Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Депутат Жумалиев казынага 1 млрд. сом төлөп, абактан чыкты


Кубанычбек Жумалиев.
Кубанычбек Жумалиев.

Коррупцияга шек саналып кармалган мурдагы премьер-министр, азыркы депутат Кубанычбек Жумалиев мамлекетке 1 млрд. сом төлөп берип, эч кайда кетпөө тилкаты менен бошотулду. Бул маалыматты Биринчи май райондук сотунан тастыкташты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Жумалиев өз ыктыяры менен жалпы суммасы 1 миллиард сомдон ашык акчага бааланган коммерциялык активдерин жана кыймылсыз мүлкүн мамлекетке өткөрүп бергенин билдирди.

“Тергөө тарабынан Жумалиевдин улгайган курагын жана ден соолугун эске алуу менен, 12-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна ага карата эч жакка кетпөө жөнүндө бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү келтирилди”,-деп айтылат атайын кызмат тараткан билдирүүдө.

Жумалиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 4-февралда Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча айыптап, камакка алган.

Ал март айынын башында кан басымына жана жүрөк оорусуна байланыштуу Бишкектеги менчик ооруканага жатканы кабарланган. Жумалиев Бишкектеги «Бикард» жеке менчик ооруканасынан УКМКнын тергөө абагына кайтканын атайын кызмат 29-мартта кабарлаган.

Кубанычбек Жумалиев Эл аралык медициналык университетке лицензия алуу, ошондой эле кылмыштуу жол менен табылган кирешени легалдаштыруу, салык жашыруу, мыйзамсыз баюу боюнча айыпталып жаткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG