Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:37

Опера-балет театрындагы чыр боюнча комиссиянын бүтүмү Жогорку Кеңеште каралды


Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын имараты. Бишкек. 2017-жыл.
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын имараты. Бишкек. 2017-жыл.

Жогорку Кеңештин Coциалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети 12-апрелде опера-балет театрындагы чыр боюнча иликтеген комиссиянын бүтүмүн жана сунуштарын укту.

Комиссиянын жетекчиси - Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов театрдагы чырдын келип чыгышына жетекчилик менен кызматкерлердин ортосунда эмгек келишимин түзүү сунушу берилгени себеп болгонун айтты. Ал жетекчилик коммерциялык спектакль төлөгөн ижара акысын артисттерге, оркестрге гонорар катары бөлүп берүүгө караганда, театрдын кассасына төлөө аркылуу маселени чечүүгө жеңил болорун айтты.

Депутат, КСДП фракциясынын мүчөсү Аида Касымалиева комиссиянын ишине канааттанбаганын билдирип, сунуштарды майдын аягына чейин ишке ашырууну тапшырды.

Жыйынга Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын жетекчиси Керим Турапов, көркөм кеңештин жетекчиси Искендер Сартбаев жана нааразы болгон кызматкерлер да катышты. Кызматкерлер театрда 2001-жылы түзүлгөн эмгек келишими менен иштеп жатышканын айтышты.

Быйыл 6-мартта театрда “Ак куу көлү” спектаклин коёр алдында театрда чыр чыккан. Спектакль башталар алдында артисттер сахнага чыкпай коюшкан. Иш-чараны уюштурган “Радужка” фонду окуяга кыргызстандык труппанын өкүлдөрү Орусиядан келген артисттер менен иштешкиси келбегени себеп болду деп түшүндүргөн. Ошондой эле гонорар маселеси да келип чыкканы айтылган. Кыргызстандык артисттер билети кымбат коммерциялык спектаклге бекер иштеп келатканына нааразылыгын билдиришкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG