Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт


 Кыргызстан. Жалал-Абад облусу. Ноокен району. Апрель, 2021-жыл.
Кыргызстан. Жалал-Абад облусу. Ноокен району. Апрель, 2021-жыл.

Кыргызстанда 13-апрелде түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун айрым аймактарында жаан, тоолордо кар жаайт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22;

Суусамырда түнкүсүн -4…-9, күндүз 3…8;

Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21;

Баткен облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 13…18;

Бийик тоолордо түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…5 градуска чейин жогору болот.

13-апрелде Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 20…22 градуска чейин жылыйт.

Шашылыш билдирүү!

11-12-апрелде жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка жолунун 71-75 (Чапчыма ашуусу), 200-215 (Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 74-76-86-88, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 286-306 (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы), Казарман-Актал-Чат жолунун 67-93 (Кара-Гөө ашуусу), Ош-Сары-Таш жолунун 161-179 (Талдык ашуусу) жана Каракол-Эңилчек жолунун 76-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу) кар көчкү жана күрткү күтүлөт. Айрым участоктордо жол тайгак болуп, муз тоңот. Айдоочуларга бул жолдордо автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо сунушталат.

XS
SM
MD
LG