Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Жергиликтүү кеңештерде аялдарга төрт эсе көп мандат тиет


Кыргызстандык шайлоочулар. Архивдик сүрөт.
Кыргызстандык шайлоочулар. Архивдик сүрөт.

11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоого 5300дөн ашык аял ат салышты.

Шайлоого көз салган "Социалдык технологиялар агенттиги" уюмунун аткаруучу директору Зулфия Көчөрбаева 13-апрелдеги басма сөз жыйынында бул ирет аялдар мурдагы шайлоого салыштырмалуу 4 эсе көп мандатка ээ болорун билдирди.

Кыргызстан боюнча 420 айылдык кеңешке бөлүнгөн 7 560 депутаттык мандаттын 2 900ү аялдарга тиешелүү.

Көчөрбаеванын айтымында, жергиликтүү кеңештерде аялдарга 30% квота берген мыйзам кабыл алынгандан бери биринчи жолу гендердик теңдик сакталып жатат.

"Быйыл 30% квота бул маселени чечүүдө жакшы механизм болуп берди. Биринчи жолу ал Саруу айылдык кеңешинде ишке ашты. 420 айылдык кеңештеги 2273 шайлоо тилкенин 28инде гана аял талапкер болгон эмес. Бул жалпы көрсөткүчтүн 1% ашыгын гана түзөт", - деди Көчөрбаева.

Айылдык кеңештерде аялдарга 30% квота каралган мыйзам 2019-жылы кабыл алынган. Мындай эреже быйыл жергиликтүү шайлоодо алгачкы ирет колдонулду.

Кыргызстанда 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоого 5388 аял катталып, жалпы талапкерлердин төрттөн бир бөлүгүн түзгөн. Ал күнү өлкөдөгү 28 шаардык, 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болду. (NT/AiA)

XS
SM
MD
LG