Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Миннесотада Райттын өлүмүнөн кийин тутанган башаламандык токтой элек


АКШнын Миннесота штатындагы полициянын огунан ажал тапкан 20 жаштагы Данте Райт аттуу афроамерикалык жарандын окуясынан улам башталган калайман каршылык акциялары токтой элек. Штаттагы өзгөчө абал жана коменданттык саатка карабай сүрмө топ көчөгө чыгып, айрым дүкөндөрдүн айнектерин талкалашты. Полиция аларды таратуу үчүн жаш агызчу газ жана желим ок колдонду.

Полиция Райтка ок жаңылган учур тартылган өздөрүнүн ыкчам видеосун жарыялады.

Тергөө материалдарына ылайык, полиция афроамерикалыкты машинеси менен жол эрежесин бузганы үчүн токтоткон, документтерин текшере келгенде, аны камакка алуу тууралуу ордер бар экени аныкталган. Райт полицияга баш бербей качууга аракет кылган. Бул учурда полиция кызматкери ок чыгарган. Полиция электрошокердин ордуна тапанчаны колдонуп алганын айтып, «күтүүсүз кырсык» катары мүнөздөп жатат.

Миннесотадагы тоз-тополоңдон улам АКШнын президенти Жо Байден жергиликтүү тургундарга кайралып, тынчтыкка жана коомдук тартипти сактоого, сабырдуу болууга чакырды.

Былтыр май айында аталган штатта полиция күч менен кармаганда мерт болгон дагы бир афроамерикалык Жорж Флойддун окуясынан кийин АКШда тоз-тополоң менен коштолгон калайман каршылык акциялары өткөн.

XS
SM
MD
LG