Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Курманбек Дыйканбаев үй камагына чыкты


Курманбек Дыйканбаев.
Курманбек Дыйканбаев.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында жаткан президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев үй камагына чыкканы белгилүү болду.

Дыйканбаевдин бөгөт чарасын Биринчи май райондук соту 1-апрелде караган. Чечимге ылайык, ал үй камагында 24-майга чейин болот.

Курманбек Дыйканбаевди УКМК былтыр 24-ноябрда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп кармаган.

УКМК Дыйканбаевди 2020-жылдын октябрь айындагы шайлоо учурунда «саясий партиялардын биринин кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык маанидеги мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисин кызматтан алып саларын айтып коркутуп, 7 миллион сомдон ашык каражат талап кылган» деп шек саноодо.

Атайын кызмат Дыйканбаев кызмат абалынан пайдаланып мыйзамсыз алган каражатты шайлоо өнөктүгүндө көп добуш алууга колдонгонун, ага карата териштирүү Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен жүрүп жатканын билдирген.

Дыйканбаевдин өзүнөн же адвокаттарынан бул айыптоо боюнча азырынча комментарий боло элек.

Дыйканбаев 2010-жылы Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына «Республика» партиясынан депутат болгон. 2018-жылдан бери президенттин парламенттеги өкүлү кызматында иштеп келаткан.

2020-жылы парламенттик шайлоого кызматын убактылуу токтотуп, "Биримдик" партиясынын тизмеси менен 58-катарда шайлоого катышкан. (MiK)

XS
SM
MD
LG