Ички иштер министрлигине караштуу Ички аскерлеринин Токтогул ГЭСин кайтарган жоокери 13-апрелде таңга жуук куралын кокусунан атып алган.
Натыйжада кароолдун башчысынын жардамчысы, ефрейтор Н.И. оң колунан жаракат алган. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, ок тийген ефрейтордун анын абалы туруктуу. Ал Кара-Көл шаардык аймактык ооруканасына жеткирилген.
Окуяны Жалал-Абад гарнизонунун Аскер прокуратурасы териштирип жатат. (MiK)
Дагы караңыз