Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:46

Индия “Sputnik V” вакцинасын колдонууга уруксат берди


Индия коронавируска каршы Орусия өндүргөн “Sputnik V” вакцинасын колдонууга уруксат берди. Бул өлкөдөгү "Dr Reddy's Laboratories" фармацевтикалык компаниясы Индиянын дары-дармектерди тескеген органынын уруксатын алганын жарыялады.

12-апрелде "The Times of India" басылмасы Индиянын дары-дармектерди тескеген органына караштуу эксперттик комитет орус препаратын колдонууга сунуштаганын жазып чыккан эле. Муну “Sputnik V" вакцинасын сыртка экспорттоого жооптуу болгон Орусиянын Түз инвестициялар фонду да ырастаган болчу.

“Орус вакцинасын колдонууга уруксат берген 60 өлкөнүн ичинен Индия калкы эң көп мамлекет болуп калат. Бул өлкөлөрдөгү адамдардын жалпы саны үч миллиардга жетип, планета калкынын 40 пайызын түзөт”,-деп айтылат Түз инвестициялар фондунун билдирүүсүндө.

Калкы 1,3 миллиард болгон Индияда пандемиянын экинчи толкуну учурунда СOVID-19 вирусуна каршы вакцина жетишпей жатат.

“Sputnik V” Индияда колдонууга уруксат берилген үчүнчү вакцина болуп калмакчы. Буга чейин "AstraZeneca" жана "Bharat Biotech" компаниясы өндүргөн "Covaxin" вакцинасы менен эмдөө жүргүзүп жатат.

Орусия Түз инвестициялар фонду индиялык беш фармацевтикалык компания менен келишим түзгөнүн кошумчалады. Алар жылына 850 миллион доза вакцина өндүрө алышат. Индия дүйнөдөгү эң көп дары-дармек өндүргөн өлкөлөрдүн бири болуп саналат.

XS
SM
MD
LG