Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Адвокат: Прокуратура Текебаевге койгон айыбынан баш тартты


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 13-апрелде "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин карап жатат.

Бул тууралуу саясатчынын адвокаты Чынара Жакыпбекова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, жараянда прокуратура Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун коррупцияга тиешеси тууралуу далилдер табылбады деген негизде буга чейин койгон айыбынан баш тартты. Аны актоону сунуш кылганы белгилүү болду.

"Азыр сот чечимин күтүп жатабыз", - деди Жакыпбекова.

Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы "Мегаком" иши" боюнча «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде айыпталып камалып, ар бири 8 жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Ишти кайра кароого райондук сотко жиберген. Текебаев менен Чотонов үй камагына чыгарылган. Бүгүн чечим чыгары күтүлүп жаткан.

Эки саясатчы тең өздөрүнө козголгон кылмыш ишин ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин саясий куугунтугу катары баалап жүрүшөт. (NT)

XS
SM
MD
LG