Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:41

Дүйнөлүк футбол тарыхын колго жазган Тагайбек


Тагайбек Урматаевдин кол жазмасы
Тагайбек Урматаевдин кол жазмасы

Токтогул районунун Үч-Терек айылынын тургуну Тагайбек Урматаев футболдун 68 жылдык тарыхын кооз кол жазма менен дээрлик 14 жыл бою кагазга түшүрүп келген. Өзгөчө кол жазманын ээси менен маекти сунуштайбыз.

Тагайбек Урматаев спортко 3-классынан бери кызыгып, ар түрдүү маалыматтарды чогултуп келген.

«СССР маалында спорттук гезит-журналдар көп чыкчу. Алардан бир эле футбол эмес, волейбол, хоккей сыяктуу спорттун башка түрлөрүнөн дагы маалымат алчумун. Кийин мектепти аяктап, борборго окууга келген соң чогулткан эмгегим ар жерде калбасын деп, дептерге түшүрө баштадым. Жалпысынан 15 жылга жакын убакыт жазган экенмин», - деди Тагайбек Урматаев.

Тагайбек Урматаев
Тагайбек Урматаев

- Жазган маалыматка эмнелерди камтычу элеңиз?

- Футбол боюнча 1930-жылдан баштап 1998-жылга чейинки өткөн 16 чемпионатты колго жазып чыктым. Анда футболдук беттеш өткөн өлкөнү, шаарды, ал оюнга келген көрүүчүлөрдүн санына чейин камтыгам. Ошондой эле кайсы оюнчулар оюнга катышканын, кимиси гол киргизгенин, кимиси айып кагазын алганына чейин маалымат берилди.

Тагайбек Урматаевдин кол жазмасы
Тагайбек Урматаевдин кол жазмасы

- Бул кызыгуу качанга чейин уланды?

- Мен абдан берилип жазып жүргөн кезде бир таякем “Бул нерсең үй-бүлө күткөнгө чейин эле. Андан кийин баары калат” деген. Мен болсо көшөрүп “Жок, мен бул жазгандарымды эч качан таштабайм” дегем. Бирок чындап эле адам жыл өткөн сайын чөйрөдөгү таасирлерден улам өзгөрө берет экен. Же жаш курагыбыздын себеби дейбизби, билбейм.

Тагайбек Урматаев жазган футболдун тарыхы.
Тагайбек Урматаев жазган футболдун тарыхы.

Эң акыркы кагазга түшүргөнүм 2010-жылдарга чейин болду. Ошондон кийин жазбай деле калдым. Футболго деле эмнегедир мурункудай кызыгуум жок. Бирок бир жакшы адамдардын кеңеши менен кооздоп жазууну пайдасы тийчүдөй тарапка алмаштырсамбы деп ойлоп жүрөм.

Тагайбек Урматаевдин кол жазмасы
Тагайбек Урматаевдин кол жазмасы

- Мисалы эмнелерди жазсам деген ой бар?

- Кыска аят-хадистерди, пайдалуу маалыматтарды жазсамбы дейм.

- Кыргыз футболунун келечегин кандай элестетесиз?

- Эгерде мамлекет тарабынан жетиштүү колдоо болсо, биздин футболдун келечеги кең деп билем. Өзүңүздөр билгендей кийинки учурларда футбол боюнча улуттук курама командабыз Азия чемпионатында эң мыкты ийгилик көрсөтүштү. Ага чейин да биздин футболчулардын дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу оюндарында Австралия өлкөсүнүн командасы менен Бишкек шаарында жакшы оюн көрсөтө алганы да бир топ ишеним берди. Гүлжигит Алыкуловдой чыгаан футболчуларыбыздын чыгып жатканы да мени кубандырат.

- Алдыдагы ой-максаттарыңыз менен да бөлүшсөңүз?

- 2003-жылдан 2007-жылга чейин айылдык орто мектепте дене тарбия сабагынан мугалим болуп эмгектендим. Андан кийин айылдык кеңешке үч ирет катарынан депутат болуп шайландым. Алдыда да ушул иштер менен жүрөм. Саясатка терең кирип кетүү деле оюмда жок. Башкы максатым - кайсы чөйрөдө жүрсөм да колдон келишинче эл кызматын аркалап, үлгүлүү эмгек калтыргым келет.

Тагайбек Урматаев 1978-жылы Токтогул районунун Жетиген айылында туулган. Үч-Терек айылындагы М.Нургазиев атындагы орто мектепти аяктап, Кыргызстан Ислам университетинде дин таануу багытында, ЖАМУда дене тарбия боюнча билимин уланткан. Учурда үй-бүлөлүү, беш уул, эки кыздын атасы.

Кыргызстанда футболдун күйөрмандары арбын. Алардын бири Кочкор районунун тургуну, 95 жаштагы Алтын Качканакова айтылуу футболчу Мессинин күйөрманы.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG