Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Коронавирус жугузуп алган 900дөн ашык бейтаптын абалы оор


Кыргызстан, Чүй облусу. 2020-жыл.
Кыргызстан, Чүй облусу. 2020-жыл.

Кыргызстанда акыркы күндөрү коронавирус жугузуп алып ооруканада жана үй шартында (амбулатордук) дарыланып жаткандардын саны кескин көбөйдү.

COVID-19га каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 13-апрелдеги маалыматына караганда, учурда 932 бейтап стационарларда оору менен алышып жатат.

Алардын 20сынын абалы канааттандыраарлык. 666 кишинин абалы орто оор, 213 бейтап оор, 33ү өтө оор деп бааланган. Вирус аныкталган дагы 1017 киши амбулатордук шартта дарыланууда.

13-апрелге карата республика боюнча вирустан төрт бейтап көз жумду. Илдет дагы 227 кишиден табылып, сентябрдан берки эң көп көрсөткүч болду.

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1532ге жетти.

Расмий эсепке ылайык, вирусту 90 599 киши жугузуп, 86 152си айыкты. (NT)

XS
SM
MD
LG