Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Навальный Куранды киргизбей жатканы үчүн түрмө жетекчилигин сотко берди


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Абактагы орус оппозиционер Алексей Навальный өзү отурган Покровдогу түзөтүү колониясынын жетекчилигине каршы сотко кайрылды. Бул тууралуу саясатчынын "Инстаграмдагы" баракчасына чыккан билдирүүдө айтылат.

Навальный түрмө жетекчилиги Куранды алып кирүүгө уруксат бербей жатканын билдирүүдө. Саясатчынын ырасташынча, абакта мусулмандардын ыйык китебин жана пайгамбардын сүнөттөрүн окууну максат кылган, бирок ага түрмө администрациясы тоскоол болууда.

“Мен бул жакка бир ай мурун келгенде толгон китеп ала келгем. Дагы көп китепке буюртма бергем. Бирок мага бир да китепти бербей жатышат. Анткени, аларды “экстремизмге каршы текшерүү керек” дешет. Бул үч ай убакыт алат экен”.

Саясатчы Куранды экстремизмге каршы текшерүүгө зарылдык жок деп эсептейт.

Ага чейин Покров шаарындагы №2 колонияда ачкачылык кармап отурган Навальныйды түрмө жетекчилиги мажбурлап тамак берүү менен коркутуп жатканын жазган.

Алексей Навальный саламаттыгы начарлаганын үч жумадан бери айтып келет. Абакта медициналык жардам көрсөтүлбөй, чет жактан дарыгер чакырууга да уруксат берилбей жатканын айткан Навальный 31-мартта ачкачылык жарыялаган.

Абак жетекчилиги Навальныйдын абалын «канааттандырарлык» деп айтканы менен анализдердин жыйынтыгын жарыялай элек.

44 жаштагы Алексей Навальный былтыр август айында Сибирдеги Томск шаарында ууландырылып, Германияга жеткирилген. Дарыланып, Москвага кайтканда камакка алынып, 2014-жылкы кылмыш иш боюнча «шарттуу жазанын эрежелерин сактаган жок» деген доо менен 2,5 жылга эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG