Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

Тажикстанда орозо маалында электр энергиясын чектөө азайтылат


Шам чырактын жарыгында китеп окуп жаткан тажикстандык бала. Иллюстрациялык сүрөт.
Шам чырактын жарыгында китеп окуп жаткан тажикстандык бала. Иллюстрациялык сүрөт.

«Барки Точик» энергохолдинги ыйык Рамазан айында айыл жерлеринде электр кубатына киргизилген чектөөлөр азайтыла турганын билдирди.

Маалыматка караганда, ооз ачуу жана ооз бекитүү маалында электр энергиясы өчүрүлбөйт. Быйылкы жадыбалга ылайык, мусулмандар болжол менен таңкы саат төрттөн кечки саат жетиге чейин орозо кармашат.

Энергохолдингдин басма сөз катчысы Нозиржон Ёдгоринин айтымында, адистер өлкөдө жарыкка киризилген чектөөнү толугу менен алуу маселесинин үстүндө да иштеп жатышат. Ал арада суу сактагычтарда суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 30 пайызга аз.

«Дал ушул себептен Душанбе-2 жылуулук электр борбору жашоочуларды электр энергиясы менен камсыздоо үчүн жылуу маалда да ишин улантат» - деп белгиледи Ёдгори.

Тажикстанда кыш мезгилинде электр энергиясынын тартыштыгы курч маселе бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG