Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 13:53

«Мегаком» ишине Жапаровдун доорунда чекит коюлду


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун бир жарым жылдан бери жүрүп келе жаткан сот иши аяктады. Үч президенттин тушунда, ар кандай жагдайда уланган сот процессине чекит коюлуп, прокурорлор айып коюудан баш тартты.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Айнура Сатарова "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап, аларды актоо тууралуу өкүм чыгарды.

«1997-жылдын 1-октябрдагы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгүндө ("Коррупция") көрсөтүлгөн кылмыш окуясы жок болгондуктан акталсын. Тандалган үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасы өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенде жокко чыгарылсын. Акталган Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун реабилитацияга болгон укугу таанылсын», - деди судья Айнура Сатарова.

Сот өкүмүнөн мурда прокурорлор Текебаев менен Чотоновдун «"Мегаком ишине" байланыштуу коррупцияга тиешеси бардыгы далилденген жок" деген негизде айып коюудан баш тарткан.

Биринчи май райондук сотунун прокурору Алтынбек Жолдошбеков бул тууралуу мындай деди:

«Жазык иши боюнча тергөө жана соттук териштирүү чогултулган материалдарды объективдүү, ар тараптуу, толук изилдеп чыктык. Текебаев менен Чотоновго угузулган айып боюнча далилдер жетишсиз деп эсептейбиз. Жогорудагылардын негизинде Жазык процесстик кодексинин 26-беренесинин 1-бөлүмү, 14-пунктун жана 330-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Текебаев менен Чотоновду айыптоодон баш тартабыз».

Саясатчы Өмүрбек Текебаев прокуратуранын мындай кадамы өзү үчүн да күтүүсүз болгонун билдирди.

«Прокурорлордун айыптан баш тартканы мен үчүн күтүүсүз болду. Анткени сот процесси так ушул жерде 1,5 жылдан бери уланып отурат. Сот бүтпөгөн марафонго айланып тигил же бул саясий окуядан улам узарып келген. Анткени прокуратура ар дайым репрессиялык орган катары көгөрүп, туура болсо да, болбосо да өкүм чыгарып бересиң деп тура берчү эле».

Башкы прокуратураны октябрь окуяларынан кийин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушев жетектеп келет. Ал мурда сот болуп иштегени белгилүү.

Курманкул Зулушев катышкан Бишкек шаардык сотунун коллегиясы 2013-жылы Ак үйдү басып алуу боюнча камалган депутаттар Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди жана Талант Мамытовду актаган.

Иштин жагдайы

Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы «"Мегаком" ишинe» байланыштуу "орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган" деген көрсөтмөнүн негизинде айыпталып камалып, ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберген. Текебаев менен Чотонов үй камагына чыгарылган.

Эки саясатчы өздөрүнө козголгон кылмыш ишин ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин саясий куугунтугу катары баалашкан. 2017-жылы 26-февралда кармалган саясатчылардын соту май айында башталып, үч инстанцияда үч айда каралып бүткөн. Августта Жогорку сот айыптоо өкүмүн чыгарган.

Алмазбек Атамбаевден кийин бийликке келген Сооронбай Жээнбековдун тушунда эки саясатчы абакта эки жыл отурган. 2019-жылы августта Жогорку сот ишти кайра кароого жиберип, Текебаев менен Чотонов үй камагына чыгарылган. Анда эки саясатчынын иши бир жыл, эки ай каралган.

Саясатчы Өмүрбек Текебаев соттун бүгүнкү актоо чечимине “президент Садыр Жапаров кийлигишкен жок” деп эсептейт. Ал муну чоң саясат катары мүнөздөдү.

«Бийлик дегенде эң биринчи Садыр Жапаров жөнүндө айткым келет. Жапаров менен декабрда эл алдында катуу айтышканбыз. Ошондо да бул иш боюнча бир топ сөздөр айтылып кеткен. Бирөөдөн уккан сөздөрүн айткан да. Эгерде Садыр Жапаровдун жаман ою болсо сот, прокуратура башка чечим кабыл алмак. Бул Садыр Жапаровдун сот ишине аралашпаганынын, жеке мамилесинин, саясий көз карашынын мындай иштерге таасир тийгизбей турганынын далили деп билем. Анын аралашпаганынын өзү чоң саясат, чоң фактор. Биздин учурда гана эмес, башка иштерге да президент кийлигишпесе, мындай талаштардан жогору турса деп ойлойт элем».

Мандатты алуу жана андан ажыроо

Өмүрбек Текебаев менен октябрь окуяларынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тиреши Баш мыйзамдын айынан курчуган.

Өмүрбек Текебаев президенттик башкаруу формасын киргизе турган Конституциянын жаңы долбоорун кескин сындаган. Президенттин милдетин аткаруучу болуп турган Садыр Жапаров жергиликтүү телеканалдардын бирине маек берип жатып, “Текебаев Маевскийден акча алган” деп билдирген.

Ушундан көп өтпөй октябрь окуясынан кийин депутаттык кызматын кайтарып алган Текебаев кайрадан мандатынан ажыраган.

Жогорку сот 3-мартта “Ата Мекендин” лидеринин депутаттык мандатынын кайра берилишине байланыштуу ишти карап, Бишкектин административдик сотунун жана Бишкек шаардык сотунун чечимдерин күчүндө калтырган. Буга чейин эки инстанция Текебаевге мандат мыйзам бузуу менен ыйгарылган деген негизде Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарган.

Текебаев анда октябрь окуяларынан кийин тез арада кылмыш иштери кыскартылып, сот чечимдери өзгөртүлгөн президент Садыр Жапаров баш болгон саясатчыларды мисалга тартып, өзүнүн кылмыш ишинин созулушун кош стандарттуулук деп атаган.

Мандатынан ажыраган Текебаев учурда сот бийлиги эбегейсиз басымга кабылып жатканын айткан.

Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Данияр Нарынбаев эки саясатчыга прокурорлордун айып коюудан баш тартканы Курманкул Зулушев жетектеген башкы көзөмөлдөөчү органдын жаңы саясаты деген пикирде. Нарымбаев референдумдан кийин эки тизгин, бир чылбырды колуна алган президент Садыр Жапаров саясий күчтөрдү консолидация кылуу аракетин баштады дейт.

Данияр Нарынбаев.
Данияр Нарынбаев.

«Абдан туура иштер болуп жатат. Жаңы баш прокурордун "саясатымды өзгөртөм, прокуратура мыйзамдын так аткарылышын көзөмөлдөгөн органга айланыш керек" деп айткан сөздөрү ишке ашып жатат деп айтсак болот. Биринчи белгилери деп ойлойм. Ушундай уланса, реформа жүрүп жатат деп эл да ишене баштайт. Референдумдан кийин президент да, анын тегерегинде жүргөн адамдар да саясий элитаны бириктирип, бир максатты көздөп, бир багытка салалы деген жакшы ой максаттарынан келип чыгып жатат деп ойлойм».

Текебаевдин сотуна чейин 23-мартта Жогорку сот мурдагы баш прокурор Аида Салянованын “лицензия иши” боюнча сот өкүмүн жокко чыгарып, кайра кароого жиберген.

11-апрелде өткөн референдумдун эртеси октябрдагы окуяларда Ички иштер министрлигинин имаратын басып алууга айыпталып, камакта жаткан Курсан Асанов үй камагына чыкты.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун акталышы президенттик жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо, президенттик башкарууну киргизген референдум сыяктуу өлкөдөгү маанилүү саясий процесстер жыйынтыкталгандан кийин болду.

Саясий талдоочу Эмилбек Жороев Текебаев менен Чотонов ишинде башынан эле далилдик негиз жок болгон деп эсептейт. Бирок саясий өңүт бар экенин жокко чыгарбайт.

«Текебаевдин ишинде прокурорлор айткандай далилдик негиз башынан эле жок болчу. Ал эми сот чечиминин Кыргызстанда саясий өңүтүн жокко чыгаруу, эске албай коюу туура эмес. Референдумдун эртеси акталышы, Курсан Асановдун да бошотулушун эске алганда, кайсы бир деңгээлде ар кандай саясий күчтөр, салмактуу топтор менен бирге иштешүү, кызматташууну камсыздоонун бир жолу катары караса болот».

Ал эми укук коргоочу Токтайым Үмөталиева президент Садыр Жапаров аралашпаса, сот иштери оңуна чечилмек эмес деген ойдо.

Токтайым Үмөталиева.
Токтайым Үмөталиева.

«Садыр Жапаров кийлигишпесе акталмак эмес. Бул абдан чоң саясий оюн. Бул кишини актап, бир чет мамлекетке элчи кылып кетиребиз деген аракет болуп жатпайбы. Экинчиден, шайлоонун жыйынтыгы абдан ыплас болду. Өрчүп бараткан абалдын саясий абалдын картасы бар. Саясий шахматта ойной ала турган саясатчы аз эле, ошол оюнчунун бири - Өмүрбек Текебаев».

Кесиби боюнча физика мугалими, демократ саясатчы Өмүрбек Текебаев 62 жашта. Ал Кыргызстандагы парламенттик башкарууну жактаган жана анын калыптанышына салым кошкон, алгачкылардан болуп партия түптөгөн саясатчылардан. Саясатка 1990-жылдардын башында келип, алты жолу Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Пикирлерди көрүңүз (19)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG