Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Текебаев менен Чотоновдун сотунда «Нур-Телекомдун» өкүлү көрсөтмө берди


Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов. 23-январь, 2020-жыл.
Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов. 23-январь, 2020-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 23-январда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум болду.

Жараянда «Нур-Телеком» компаниясынын коммерциялык директору Максим Сидеронко көрсөтмө берди.

Ал Алексей Модин ага «Мегаком» ишканасына келип иштөөнү сунуш кылганын, өзү «Мегакомго» директор болорун айтканын билдирди:

- Ал директор болгону жатканын, негизги кызматта отурган адамдар анын бизнесине жардам бериши керек экенин айтты. Мен макул болгонум менен айлык акы жана башка маселелерди сүйлөшкөн эмеспиз.

Сидеронко ошондон кийин Алексей Модин менен сүйлөшпөгөнүн, азыркы тапта да байланышы жок экенин билдирди.

Текебаев менен Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин куугунтугу катары баалап жүрүшөт.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон. Иш райондук сотто кайра каралууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG