Линктер

шейшемби, 22-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 09:50

Текебаевдин сотундагы 13 күбө


«Ата Мекен»партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун сотто. 1-октябрь, 2019-жыл.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда жаңы 13 күбө дайындалып, кезектеги отурумда көбү суралды.

Алардын арасында экс-министр, министрдин мурдагы орун басарлары жана башкалар болду.

Жактоочулар көрсөтмөлөр бекем алиби болгонун, бул айыпталуучулардын акталышына алып келерине ишенүүдө.

13-май жана 13 күбө

Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы 1-октябрда өткөн отурум дароо эле талаш-тартыш менен башталды.

Адвокаттар кошумча күбөлөрдөн көрсөтмө алуу демилгесин көтөрүштү. Ал эми судья Айнура Сатарова күбөлөрдүн тизмеси мурдагы отурумда бекитилгенин, ошол боюнча чакырылгандардан көрсөтмө алынарын айтты.

Кепке Өмүрбек Текебаев да аралашып жаңы күбөлөр сөзсүз суралышы керектигин белгиледи.

Сатарова: Биринчи өтүнүч болордун алдында, мурда көрсөтүлгөн 12 күбөнүн кимиси келди? Тизме боюнча? Алгач ошолорду суракка алалы. Алар жок болсо анда жаңы өтүнүчтөргө өтүшүбүз мүмкүн болчу.

Текебаев: Жок, кечирип коёсуз. Касмамбетов кирбесин, айтып койгула. Биз айткан тартипте киришсин. Калганы кете берсин. Күбөлөр биздики, кимиси биринчи кирет биз чечебиз.

Сатарова: Жок, сиз чечпейсиз. Өмүрбек Чиркешович, сиз отура бериңиз.

Талаш-тартыштан кийин сот Текебаевдин сунушуна макул болуп, адвокат Таалайгүл Токтакунова 2010-жылдын 13-майында Чотонов Ошто болгонун тастыктоо үчүн сотко күбө катары жалпысынан 13 адамды чакыруу өтүнүчүн келтирди.

Алардын арасында ошол жылы ИИМ башчысынын орун басары, кошумча министрдин милдетин аткарып турган Бакыт Алымбеков, мурдагы коргоо министри, экс-депутат Исмаил Исаков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, Ош облусунун экс-губернатору Мамасадык Бакиров, Чотоновдун жансакчысы Тынчтык Аметов, “Кыргызаэронавигация” ишканасынын өкүлү Татьяна Пинчук, убактылуу өкмөттүн аппараттын мурдагы кызматкери Сатымгүл Бактаева, экс-вице-спикер Асия Сасыкбаева жана башкалар бар экени маалым болду.

Өмүрбек Текебаевдин (ортодо) жана Дүйшөнкул Чотоновдун (оңдо) соту. Адвокат Таалайгүл Токтакунова четте.
Өмүрбек Текебаевдин (ортодо) жана Дүйшөнкул Чотоновдун (оңдо) соту. Адвокат Таалайгүл Токтакунова четте.

Сот өтүнүчтү канааттандырып, мурдагы отурумда айыпталуучу тарап 12 адамды күбө катары чакыруу өтүнүчүн келтиргенин, күбөлөр 25 адам болгонун тактады.

Натыйжада биринчи болуп Бакыт Алымбеков көрсөтмө берди. Ал 2010-жылдын 13-майында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тарапкерлери реванш жасап, Ош облустук администрациясын басып алып, убактылуу өкмөттүн өкүлү Сооронбай Жээнбековдон бийликти тартып алганын айтты.

Убактылуу Өкмөттүн тапшырмасы менен Исмаил Исаков, Дүйшөнкул Чотонов, өзү жана башкалар менен чогуу 13-майда Бишкектен Ошко тик учак менен учуп кеткенин айтышты.

Бул сөздү саясатчы Исмаил Исаков да ырастады.

Исмаил Исаков.
Исмаил Исаков.

- Бакиевдин жактоочулары түштүк аймагында бийлик имараттарын басып алган. Бул боюнча маалымат келери менен убактылуу өкмөт 13-майда саат 14:00дөрдө чукул жыйынга чогулганбыз. Жагдайды калыбына келтирүү боюнча ишти мага дайындашып, саат 16:00дө Ошко учуп кетмей болдум. Аэропортко баратканыбызда Оштун аба майданы жабык, учактын жолуна шагыл түшүрүп коюшту, "учак уча албайт" деген кабар келди. Натыйжада мен “Фрунзе-1” аскердик аэродромдо тик учакты даярдоого тапшырма бердим. Ошентип аэродромдон Курманакун Матенов, Дүйшөнкул Чотонов, Бакыт Алымбеков жана башка бир топ адамдар менен чогуу учуп, Ошко саат алтыдан кийин, жетилерге жакын бардык, - деди Исмаил Исаков.

Бул маалыматты башка күбөлөр, Чек ара кызматынын жетекчиси Курманакун Матенов жана тик учакта болдум деген Чотоновдун жан сакчысы Тынчтык Аметов да бекемдешти.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Ошто аларды өзү тосуп алганын билдирди.

Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

- 2010-жылы Убактылуу Өкмөт келгенден кийин Ош шаардык ички иштер башкармалыгына жетекчи болгом. Бардыгыбызга белгилүү болгондой, Убактылуу Өкмөткө каршы күч пайда болуп, 13-майда облустук администрацияны басып алган. Аны басуу үчүн ошол учурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, ички иштер министринин биринчи орун басары Бакыт Алымбеков, өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов Ошко учуп келген. Шаардын Кулатов кичирайонунда жайгашкан аскердик базада аларды тосуп алууда мен да болгом жана кийинки сүйлөшүүлөргө мен да катышкам, - деди.

Бакиевдин тушунда Ош облусун жетектеп, 2010-жылдын апрель окуясынан кийин кызматынан кеткен Мамасадык Бакиров администрацияны басып алган тургундар 13-майда аны кайра губернатор кылып отургузуп койгонун, ошол себептүү ошол күнү кечинде тарапкерлери менен чогуу Ошто Исаков, Чотонов, Алымбеков менен сүйлөшүү өткөргөнүн айтты.

Өмүрбек Текебаевдин сотуна катышуу үчүн келгендер. 1-октябрь, 2019-жыл.
Өмүрбек Текебаевдин сотуна катышуу үчүн келгендер. 1-октябрь, 2019-жыл.

“Кыргызаэронавигация” ишканасынын бөлүм башчысы Татьяна Пинчук Кыргызстандын аба жолдорунда учкан ар бир транспортту алардын мекемеси каттоого аларын билдирди.

Ал ошол күнү саат 17:21де “Ми-8” тик учагы Бишкектеги аталган аскердик аэродромдон Ошко учуп кеткени каттоо китебинде так жазылып турганын кошумчалады.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш ишинде алар так ушул кеп болуп жаткан 2010-жылдын 13-май күнү орусиялык ишкерлер Леонид Маевский жана Алексей Модин менен жолугушканы белгиленген. Тагыраагы, алар алгач өкмөт үйүнүн №306 кабинетинде жолугушуп, сүйлөшүү ошол эле күнү түштөн кийин «Супара» ресторанында уланганы айтылган. Айыпталуучулар болсо алар менен жолукканын төгүндөп келет.

Буга чейин Текебаев №306 кабинет убактылуу өкмөттүн башка мүчөсү Алмазбек Атамбаевдин иш бөлмөсү болгонун билдирсе, Дүйшөнкул Чотонов ал күнү Ошко учуп кеткенин айтып келген. Жактоочулар жаңы күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү мына ушуга толук далил болду деп ишендирип жатышат.

Адвокат Таалайгүл Токтакунова күбөлөрдүн маалыматы аларга алиби катары кызмат кыларын айтты.

Таалайгүл Токтакунова.
Таалайгүл Токтакунова.

- Биз толук актоого далилдерди алып келгенге мүмкүнчүлүгүбүз жетет деп айтканбыз, мына жаңы күбөлөрдү алып келдик. Булардын ичинен айрымдары мурда көрсөтмө берген, бирок көбү убактысы жетишпей же бийликтен коркуп келе албай калган. Бирок баары келишти жана эң маанилүү көрсөтмөнү берип кетишти. Мурда 13-май күнү Ошко катар-катар учактар жана тик учактар учуп турганын айтып келишкен, бүгүн күбөлөр жана "Кыргызаэронавигациясы" бир гана тик учак учканын тактап беришти. Маевский менен Модиндин берген көрсөтмөлөрү калп экени толук ачыкка чыкты. Ушул күбөлөрдүн маалыматтарынын негизинде сот негиздүү, мыйзамдуу өкүм кабыл алышы керек. Сот саясий жактан көз каранды болбошу зарыл. Мыйзамдуу өкүм бул бирөө эле – биз биринчи секундадан баштап аны айтып келе жатабыз, Текебаев менен Чотоновдун күнөөсү жок, ал акталышы керек, - деди ал.

Жараяндын жылышы жана өкүм

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Муну алар мурдагы бийликтин куугунтугу катары баалашкан.

Жогорку сот 21-августта «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн.

29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон. 12-сентябрда ишти кайра кароо башталган. Ал күнү адвокаттар ишти кайра кароого негиз болгон жагдайларды тизмектеп, ишти кароо тартиби бекитилген. Судья 1-октябрдагы отурумду күндүн ортосунда жыйынтыктап, дагы эки апта артка жылдырды. Тагыраагы келерки отурум 17-октябрь, саат 10:00гө белгиленди.

Сотко катышып жаткан коомдук ишмер Каныбек Мырзаканов муну атайылап кечеңдетүү аракети катары баалады.

Каныбек Мырзаканов.
Каныбек Мырзаканов.

- Сот созуп жатат. Мына эми 16 күнгө артка жылдырып койду. Биринчиден, мынчалыкка созуштун кереги жок болчу, жакынкы күндөргө коюп, эртерээк караш керек эле. Мурда билесиңер да, эртең менен башталган соттук процесс түн жарымга чейин уланчу. Кээде эс алуу күндөрү да өткөрүшкөн. Азыр эмне созуп жатышат? Экинчиден, бул жерде жалган жалаа, баары саясий буйрук менен болгону ачык эле көрүнүп турбайбы. Ошону сот дароо түшүнүп калыс чечим кабыл алышы керек эле. Создуктурууга негиз жок. Бул жакшы эмес, сотко ишеним арта баштаганда ушинткени уят.

Бирок ошол эле кезде Текебаев менен Чотоновдун иши кайра каралып, үй камагына чыкканын кайра эле саясий таасирлер менен байланыштыргандар бар.

Акыркы соттук отурумдарды Интернеттен түз эфирде, тасмадан көрүп, угуп, байкоо салып келаткан талдоочу Айнура Арзыматова буларга токтолду.

Айнура Арзыматова.
Айнура Арзыматова.

- Ооба, күбөлөр баары 2010-жылы 13-майда Чотонов Ошко учуп кеткен деп айтып жатышат. Көбү убактысын так айта алган жок, аэронавигация өкүлү гана тик учак кечинде 17:00дөн кийин учуп кеткенин билдирди. Бирок ага чейин эмне болду? Модин менен ошого чейин деле кезиксе болот да. Бул бир жагдай. Анан кийин, албетте азыр баарыбыз эле билип жатабыз, азыр соттор азыркы убакта өз алдынча чечим кабыл албайт. Себеби, сот реформасы жүргөн жок. Көрүп атпайбы, кээ бир адамдарга жөн эле иш ачылып, тергөө абагына кармалып атат. Айрымдары жөн эле абактан чыгып жатат. Текебаевдин иши боюнча да бийлик эмне деп айтса, ошондой чечим кабыл алынат деп ойлойм. Бийлик алар акталсын десе акталат, акталбасын десе акталбайт.

Кантсе да салмактуу саясатчы Өмүрбек Текебаев жана анын саясий пикирлеши Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо кеминде жарым же бир жылга созулушу мүмкүндүгүн белгилегендер бар.

Муну адистер келерки жылы өтө турган парламенттик шайлоо өнөктүгү менен да байланыштырат. Текебаев шайлоого карата пландарын азырынча ачык айта элек.

Текебаев менен Чотоновдун соту. 1-октябрь, 2019-жыл

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (16)

XS
SM
MD
LG