Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Кыргызстан Бакиев үчүн Беларуска нааразылыгын билдирди


Курманбек Бакиев.
Курманбек Бакиев.

Тышкы иштер министрлиги 7-августта Беларустун Кыргызстандагы элчиси Сергей Ивановду чакырып, бул өлкөнүн президенти Александр Лукашенконун Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев менен жолугушуусу тууралуу маалымат боюнча нааразычылык нотасын тапшырды. Анда «Кыргызстанда айыпталган адам менен расмий ачык байланыштар уланып жатканына терең нааразычылык билдирилген».

«Кыргыз тарап бул жолугушууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символикасынын колдонулушуна жана кыргыз-беларус достугу тууралуу айтууга жол берилбеши керек болчу деп эсептейт, себеби бул эки мамлекеттин ортосундагы достук жана кызматташтык принциптерине таптакыр жооп бербейт» деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Ошону менен катар министрлик беларус тарапты мамилесин өзгөртүп, кызматташуунун позитивдүү нугуна өтүүгө чакырды.

Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. Бийликтен 2010-жылы 90дой адамдын өлүмү менен коштолгон ыңкылаптан кийин Беларуска качкан. 1-августта ал 70 жашка чыкты. 6-августта Беларус президентинин расмий сайтына анын Александр Лукашенко менен жолугушуусу тууралуу расмий кабар чыккан.

Мекенинде Бакиев жана анын жакындары бир нече кылмыш үчүн айыпталып, сыртынан соттолгон. Өзүлөрү айыптоолорду четке кагып келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG