Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:55

Текебаев менен Чотоновдун иши каралды (видео)


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов тарапташтары менен. 29-август, 2019-жыл.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов тарапташтары менен. 29-август, 2019-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда үй камагындагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра каралды. Судья жараянда видеого тыюу салып, аудио жазууга уруксат берди.

Адвокат Таалайгүл Токтакунова ишти кайра кароого негиз болгон жагдайларды тизмектеп берди. Ал доогерлер Модин менен Маевский Текебаев менен жолукканын айткан иш бөлмө Атамбаевдики болгонун жана бул көрсөтмө жалган экени иш башкармалыктын маалымдамасы менен ырастала турганын билдирди.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Маевский жана дагы бир орусиялык ишкер Алексей Модин Өмүрбек Текебаев менен 2010-жылы 13-майда кечки саат беште шаардын сыртындагы «Супара» ресторанында жолугушканын айтышкан. «Нуртелеком» компаниясы берген документте алардын телефон номурлары «Супаранын» аймагында колдонулбаганы көрсөтүлгөн. Бул адвокаттар көрсөткөн беш жаңы жагдайдын бири болчу.

Буга чейин Текебаев Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Биринчи май район бөлүмүнө арыз жазып, соттук иште өзүнө каршы көрсөтмө берген орусиялык ишкер Алексей Модинди билип туруп жалган айткандыгы үчүн жоопко тартууну талап кылды. Бул тууралуу Текебаевдин адвокаттарынын бири Чынара Жакупбекова билдирди.

Адвокат факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын, тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Айыптоочулар Чотонов менен Текебаевге коюлган айыптоо корутундусун кайра окуп беришти. Муну айыпталуучулар менен алардын адвокаты «ойдон токулган жомок» деп аташты.

Адвокат Таалайгүл Токтакунова сотко үч өтүнүч келтирди. Ал Леонид Маевский алгач Өкмөт Үйүндө №306 кабинетте Текебаев менен жолукканы, экинчи ирет «Супара» этно ресторанында Модин, Чотонов жана Маматкеримовдун катышуусунда жолукканы жана Маевскийдин мына ошол мезгилде Кыргызстанга келип, «Хаят» отелинде конгону боюнча фактыларды кайра текшерип чыгууну өтүндү. Сот аны карап чыгып, эки өтүнүчтү канааттандырып, Модиндин «Супарада» эмес, шаардын чок ортосунда жүргөнүн ырастаган телефондук байланыштарынын табуляграммасын алдыруу боюнча өтүнүчтү кароону кийинкиге калтырды.

Сот жаңы келтирилген жагдайларды ырастап же четке кага турган кошумча күбөлөрдү чакырууну буюруп, сотту 20 күн артка, 1-октябрга жылдырды.

Жогорку сот 21-августта «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлүп, жараян 12-сентябрга белгиленген.

29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG