Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:00

Атамбаевге козголгон иш менен адвокаттары таанышты


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иши менен адвокаттары таанышып бүттү.

Бул тууралуу мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев билдирди. Анын айтымында, иш менен таанышууга жетиштүү убакыт берилбесе да мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу алар документке кол коюп беришти. Эми Атамбаевге козголгон иш прокуратурага өткөрүлүшү керек.

Буга чейин Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу ишти адвокаттары создуктуруп жатканын билдирген. Мурдагы президенттин адвокаттары болсо 28 томдук иш менен таанышууга аз гана убакыт берилип, мүмкүнчүлүк берилбей жатканын айтып чыгышкан.

Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен 26-октябрга чейин камалган.

Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген. Алардын арасында 7-8-августта Кой-Таш айылында күч органдарына каршылык көрсөтүү, кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн мыйзамсыз чыгышы, Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупция боюнча жана башка 15тен ашык иш бар.(BkA)

XS
SM
MD
LG