Линктер

шейшемби, 17-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 06:53

Текебаевдин укугу жана саясат


Өмүрбек Текебаев.

«Ата Мекен» партиясынын лидеринин үй камагына чыгарылышы коомчулуктун кызуу талкуусуна алынып жаткан кез.

Өмүрбек Текебаевдин түрмөдөн чыгышы сот адилеттигинин көрүнүшүбү же саясий соодалашуунун жана макулдашуунун натыйжасыбы? Дегеле Кыргызстанда «саясий боёгу жок» сот акыйкаттыгына канткенде жетише алабыз? Ушул ж.б. суроолорго «Арай көз чарай» берүүбүздөн жооп издедик.

Талкууга коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев жана юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаев катышты.

«Азаттык»: - Урматтуу эксперттер, белгилүү саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун түрмөдөн үй камагына чыгышы коомдо ар кандай талкуу жаратууда. Бул көрүнүштү кандай баалап жатасыздар? Бул сот адилеттүүлүгү болдубу же саясий соодалашуунун үзүрү десек болобу?

Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

Эмилбек Каптагаев: - Жанында жүрүп, көрүп-угуп турбагандан кийин «саясий соодалашуу болду же болгон жок» деп айтуу мүмкүн эмес. Эгер болгон күндө да ал ачыкка чыкпай турган, айтылбай турган нерсе. Болбогон нерсени болду деп айтуу да күнөө. Текебаев менен Чотоновдун ишинин Жогорку сотто бузулуп, төмөнкү инстанцияга жөнөтүлгөнү, алардын түрмөдөн үй камаганына чыгышы адилеттиктин белгиси десек болот. Ошентсе да бүгүн Кыргызстанда сот адилеттиги калыптанып калды деп айтуу мүмкүн эмес. Адилеттик деген бүтүн нерсе. Кыргызда «марттыктын чеги жок» деп коет. Тогуз жолу марттык кылып, онунчу жолу бербей койсоң март болбой каласың. Адилеттик да ошондой. Жарым-жартылай адилеттик деген болбойт. Калыстык, акыйкаттык, адилеттүүлүк ачык, калыс жана толук болушу керек. Ушундан улам айтсам, Текебаевдин ишинин кайра каралышынан адилеттүүлүктүн белгисин көрүп отурам. Соттордун укуктук талаада тазаланышына алгачкы кадамдар жасалды, дагы уланса деген үмүттөр бар.

Чолпонкул Арабаев: - Бул иш коомчулуктун көңүлүндө болгондуктан ушундай кызуу талкуулар болуп жатат. Адамзат жаралгандан бери эле акыйкат, чындык издеп келет. «Ишеним акылдан күчтүү» деп байыркы ойчулдар айткан. Ошондон улам айтсам чындыкты, акыйкатты табуу, ага жетүү бир күндүн иши эмес.

Илгертен бийликтин өзүнүн чындыгы, жөнөкөй элдин өзүнүн чындыгы болуп келген, ошол экөөнүн эрөөлү жүрүп келет. Бирок биздин заманда кандай гана маселе болбосун, бирөөгө жагабы же жакпайбы, мыйзамдын гана чегинде чечилсе, адилеттүү болот.

«Азаттык»: - Коомчулуктун буга чейинки кайрылуусуна президент Жээнбеков «эгер Текебаев кечирим сураса, ырайым бере алам» деди эле. «Текебаев андай кадамга барган жок. Демек, ал номур өтпөгөндөн кийин бул жолу да партия лидери менен бийликтин ортосунда макулдашуу болду» дегендер да бар...

Эмилбек Каптагаев: - Убагында президент Жээнбеков да туура айткан. Анын соттук чечимдерге кийлигишип, «мындай кылгыла, андай кылгыла» деп айтууга эч укугу жок. Президентте ырайым берүү гана укугу бар. Мыйзам боюнча соттолгон адам күнөөсүн мойнуна алып, президенттен кечирим сурашы керек. «Менден күнөө кетти, азыр баарын сездим, түшүндүм» деп жазса гана президент ырайым берет. Тилекке каршы, бул жол Текебаев менен Чотоновго ылайык эмес болчу. Анткени алар башынан эле коюлган күнөөлөрдү моюнга албай, ак экенин айтып келишет. Соттун жүрүшүнө көз салып отурган коомчулук да бул иште саясий өңүт бар экенин сезип-туюп турду. Бул иште түздөн-түз зордук, каралоо болуп жатканын эл көрдү. Текебаев «кечирим сурабайм, канча болсо ошончо отурам, актыгымды далилдейм» келатат.

«Азаттык»: - Текебаевдин үй камагына чыгарылганы менен өз айылына кетип калганы да мыйзам бузуу катары саналууда. Адвокаты «Жалал-Абадга барып келүүгө соттон уруксат алган» деди. Бул канчалык мыйзамдуу? Анткени мындай учур мурда болбоптур.

Чолпонкул Арабаев.
Чолпонкул Арабаев.

Чолпонкул Арабаев: - Ар ким өз билгенине жараша ой калчап жатат, ошого жараша талкуу кызуу жүрүүдө. Мында эки жагдай бар. Биринчиден, мыйзам боюнча сот «үй камагы» дегенде айыпталуучуну бир райондун же бир шаардын чегинен чыкпоого милдеттендирет. Ага сот чечим чыгарат. Экинчиден, эгер айыпталуучу кандайдыр бир жүйөлүү себептер менен (ооруп калса, үй-бүлөлүк жагдайлар болсо ж.б.) сотко кайрылса чектеген аймактан чыгууга уруксат бере алат. Чечимди ошол үй камагына алган сот чыгарат. Адвокаты аркылуу да сотко кайрылат. «Макул, үйүңүзгө барып келиңиз» деп оозеки уруксат бере албайт, жазуу жүзүндө гана уруксат бергенге укуктуу. Мындай учурлар бул убакка чейин деле болгон. Сотто айыпталып жаткан бир топ саясатчылар, жөнөкөй адамдар деле чет өлкөгө барып дарыланып келүүгө уруксат алышкан.

«Азаттык»: - Эмилбек мырза, сиз азыр түрмөдө отурган саясатчы Садыр Жапаровдун иши боюнча башкы прокурорго кайрылдыңыз. Анын төркүнү эмнеде, ага кандай негиз болду?

Эмилбек Каптагаев: - Мен Садыр Жапаровдун иши боюнча көңүл бурган бир топ маселелерди көтөрүп Башкы прокуратурага кайрылдым. Анткени Жапаровдун камалышына бир эле нерсе – күбө Жумабаевдин бир эле көрсөтмөсү себеп болгон. Ал убагында «ишти Жапаровдун көрсөтмөсү боюнча уюштургам» деп күнөөнү моюнга алган. Мындан башка Жапаровго күнөө койгон, далилденген бир да факты жок. Натыйжада ал сегиз жылга катуу тартиптеги жайда эркинен ажыратууга кесилген. Арадан бир жылдан ашык убакыт өттү, Жумабаев эми эркиндикке чыгып, Интернетте видео кайрылуу таратып, «ал иште Жапаровдун эч тиешеси жок, убагында мени түрмөдөн тергөөчүлөр кыйнап, өзүлөрүнө керектүү маалыматтарды жаздырып алган» деп жатат. Бул жагдай Башкы прокуратура тарабынан кайра каралышы керек.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (19)

XS
SM
MD
LG