Линктер

жума, 20-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 20:51

Жапаровдун жаза мөөнөтү кыскарган жок


Садыр Жапаров соттук жараянда. Архивдик сүрөт.

Чүй облустук соту камакта отурган саясатчы Садыр Жапаров боюнча Аламүдүн райондук сотунун токтомун өзгөртүүсүз калтырып, анын жаза мөөнөтүн кыскартуудан баш тартты.

Жапаровдун адвокаттары жаңы кодекстер боюнча саясатчынын беренеси оор кылмыштарга которулгандыктан 2014-жылдагы мунапыс колдонулуп, анын жаза мөөнөтүн кыскартууну суранып жатышат.

Чүй облустук соту өз чечимин 19-августта чыгарды. Чечимди Садыр Жапаровдун жактоочуларынын апелляциялык арызын караган соттук коллегиянын төрагасы Улан Садырбеков окуду:

Соттук коллегия.
Соттук коллегия.

«Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу (ЖАМК) №1 түзөтүү абагындагы Садыр Жапаровго 2014-жылдын 27-январында чыккан мунапыс жөнүндөгү мыйзамды колдонуудан баш тартуу боюнча Аламүдүн райондук сотунун токтому өзгөртүүсүз калтырылсын. Адвокат Замирбек Базарбековдун апелляциялык арызы канааттандыруусуз калтырылсын. Соттун аныктамасына каршы Жогорку сотко арызданса болот».

Судья Улан Садырбеков бул чечим «Мунапыс жөнүндө» мыйзамдын 13-беренесине таянуу менен чыгарылганын билдирди.

Иштин чоо-жайына келсек. Садыр Жапаровдун жактоочуларынын айтымында, 2019-жылдын башынан тартып иштей баштаган жаңы кодекстер боюнча Жапаров соттолгон берене өзгөчө оордон оор кылмыштарга алмашты. Бул 2014-жылдын 27-январында чыккан мунапыс жөнүндөгү мыйзамга туура келет. Буга байланыштуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Аламүдүн райондук сотуна Жапаровго амнистия колдонууну сунуш кылган.

Райондук сот бул сунушту 16-июлда карап, Жапаровдун мунапыска байланыштуу жаза мөөнөтүн кыскартуу боюнча чечимди «алты айлык мөөнөт өтүп кетти» деген негизде арызды кабыл алган эмес. Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов эки инстанциянын тең чечимин мыйзамсыз деп баалады:

Шарабидин Токтосунов.
Шарабидин Токтосунов.

«Соттордун чыгарган чечими мыйзамсыз. Анткени эмне үчүн биз бүгүн мисал кылган бир нече адамга ушул эле мунапыс колдонулуп, Садыр Жапаровго гана колдонулбайт? Демек, муну саясий негизде кабыл алынган чечим десек болот. Конституциянын 20-беренесинде «мунапыс менен жеңилдете турган жагдайларга чектөө коюлбайт» деп жазылып турат. Ал качан болсо да колдонулат. Ал эми мыйзам менен Конституция карама-каршы келип калганда жогору турган мыйзам колдонулат. Конституция эң жогорку мыйзам болгондуктан бул учурда Жапаровго мунапыс берилиши керек болчу».

Токтосунов сотко 2014-жылдын 27-январында чыккан мунапыс жөнүндөгү мыйзам колдонулган камактагы он чакты адамдын тизмесин алып келген. Арасында «Ата Мекен» партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров менен чогуу соттолгон Бакыт Куланбаев да бар. Адвокаттар ушундан улам «мунапыс тандалма колдонулуп жатат» деп доомат коюшту.

Адвокаттар Жапаровго 2014-жылдагы мунапыс колдонулса анын жаза мөөнөтү үч жыл төрт айга чейин кыскарып, шарттуу түрдө бошотулат деп күтүп жатышкан. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы болсо (ЖАМК) Жапаровдун жаза мөөнөтү 2026-жылдын 5-сентябрында бүтөрүн, ага мунапыс берилсе абактагы мөөнөтүн 2023-жылга чейин кыскартууга болорун билдирген.

Саясатчынын дагы бир жактоочусу Замирбек Базарбеков Жапаровдун жаза мөөнөтүн кыскартуу боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын сунушу кеч түшкөнү үчүн мамлекеттик органдардын өзүн күнөөлөдү:

Замирбек Базарбеков.
Замирбек Базарбеков.

«Мунапыс жөнүндө мыйзамдын колдонулбай калышына камактагы Садыр Жапародун канчалык тиешеси бар экенине мыйзамдуу баа берилген эмес. Мыйзам убагында колдонулбаса, эгерде тийиштүү органдар тарабынан убагында эске алынбай калса Садыр Жапаровдун кандай тиешеси бар? Сот муну да эске алыш керек болчу. Анткени сот деген сот. Биз, бардык мамлекеттик органдар сотту карап атабыз. 2014-жылдагы «Мунапыс жөнүндө» мыйзамдын 13-17-беренелеринин талаптарына ылайык, мыйзамдын аткарылышына сот, прокурор, түзөтүү мекемелери жана башка органдар түздөн-түз милдеттендирилип, ошону менен бирге жоопкерчилиги да каралган».

Соттук жараян жарым-жартылай ачык өттү. Соттук коллегия башта процессти толугу менен фотого жана видеого тартууга тыюу салып, жактоочулардын өтүнүчүнөн кийин камера менен залдын ичинен аудио жазууга уруксат берди.

Жараянда мамлекеттик айыптоочу тарап Аламүдүн райондук сотунун токтомун күчүндө калтырууну өтүнүп, бирок аны эч кандай негиздеген жок.

Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев Жапаровдун ишине байланышкан соттук чечимдердин укуктук өңүтүнө мындай баа берди:

«Мыйзам кайра артка иштебейт деген талап бар. Бирок ал оорлотуучу жагдайда гана артка иштебейт. Мен Садыр Жапаровдун иши өтө эле саясатташып кетти деп айтпайм. Бирок бийликтин кандайдыр бир таасири болуп атат. Соттордун чечими юридикалык жактан алганда туура эмес. Анткени мунапыс колдонууда эч кандай мөөнөт жок».

Президентке караштуу Башкаруу академиясынын ректору, саясат таануучу Алмазбек Акматалиев саясий тарабынан алганда Жапаров боштондукка чыгышы керек болчу деп эсептейт. Бирок саясатчыга карата акыркы сот чечимдеринин негизи бар экенин да четке какпайт.

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

«"Сот саясатка карабай мыйзам менен гана иштеши керек" деп атабыз. Бул жагынан караганда сот кандайдыр бир негиздер менен чечим чыгарды. Соттун чечимине баа бериш да кыйын. Ошондой эле "Садыр Жапаров - бийликке оппозиция" жана "бийлик андан коркуп жатат" деген сөздөргө кошулбайм. Себеби Жапаров ушуга чейин азыркы бийлик боюнча бир да жаман сөз айткан жок».

Жапаровдун жактоочулары облустук соттун чечимине каршы Жогорку сотко арызданганы жатышат жана Жапаровдун ишиндеги жаңы жагдайлар боюнча да сотко кайрыларын билдиришти.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Садыр Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл алты айга кесилген. Быйыл апрелде Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (43)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG