Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 06:35

Текебаев жердештери менен жолукту


Өмүрбек Текебаевдин кичи мекени Акмандагы айылдаштары жана тарапташтары.

Өткөн айда үй камагына чыгарылган «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Базар-Коргон районунда эл менен жүз көрүштү.

Аны менен катар Жогорку Кеңештин депутаттары жана партиянын башка аймактардан чогулган мүчөлөрү да болду. Саясатчы Дүйшөнкул Чотонов менен бирге барган Текебаев Жалал-Абадга барыш үчүн соттон уруксат алганын айтты. Адистер азырынча Текебаевдин соттук иштери толук бүтө элек экенин эске салышууда.

Партия лидерин Базар-Коргон районунун Акман айылындагы жердештери Ош-Бишкек жолунун боюнан 1-сентябрдын кечинде тосуп алышкан. 2-сентябрда болсо ал өзү туулуп-өскөн айылында түлөө өткөрдү. Текебаев Акман айылында тарапташтары менен жолугуп жатып мурунку бийликти кескин сындап, кыйынчылыкта бирге болгон тарапташтарына алкыш айтты:

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

«30 жылдан бери мен саясатта жүрүп, сиздердин турмушуңуздарда кескин, радикалдуу өзгөртүү жасай алганым жок. Бирок ошого карабай бардык муун ушул күнгө чейин мени колдоп келе жатат. Ал сыр менин жердештеримдин көңүлүндө жана жүрөгүндө. Чындыкты туу туткан, акыйкаттыкты издеген, мен сыйлаган карапайым адамдарсыздар. Менин сыймыгын жана сырым мына ушунда. «Атамекенчилер» бизди «акталсын» деп эч кимден суранган эмес. «Адилеттүү, эл алдында кайра карап чыккыла, күнөөсү болсо камагыла» деп талап кылган. Сооронбай Жээнбеков биздин чыгышыбызга түз аралаша албаганы менен саясий шарт түздү окшойт, сот бизди убактылуу үй камагына чыгарды. Эгерде сот калыс жүрө турган болсо сөзсүз түрдө чындык жеңет».

Базар-Коргон районунун Акман айылындагы Текебаевдин үйүнө миңдей адам чогулду. Жыйында Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Жанарбек Акаев, саясатчы Болот Шер, Дүйшөнкүл Чотонов жана башкалар болушту. Депутат Жанарбек Акаев өлкөдө жаңыдан башталган сот реформасын аягына чыгарууга бийликти чакырып өттү:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

«Биз кайсы бийлик болбосун сын айтканга даярбыз, бирок кечээги окуядан кийин сот реформасына үмүт пайда болду. Мындан ары сот ишине жолтоо болуп келе жаткандардан кутулгандан кийин, бизде Кыргызстандын жаңы барактарын ачканга үмүт пайда болду. Убагында саясий себептер менен камалган Бектур Асанов, Кубаныч Кадыров бошотулду, эми Садыр Жапаров да бошотулса, мурунку бийликтен адилет сөз айтканы үчүн запкы көргөндөр акырындык менен бошотулуп келатат. Мына ушундай болуп уланышы керек».

Түштөн кийин Текебаев баштаган саясатчылар Базар-Коргон районунун борборундагы ресторандардын биринде өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген партия мүчөлөрү менен жолугушту.

Бирок сот жараяндарына көз салып келаткан укук коргоочу Рита Карасартова Текебаевдин иши боюнча соттук процесс бүтө электигин эске алып, азырынча сүйүнүүгө эрте экенин эске салды. Укук коргоочу бул жагдай сот системасынын өзгөрүшү эмес, саясий чечим болду деп эсептейт.

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

«Азырынча сот адилеттигине ишенүүгө эрте", - деди ал. - Анткени учурунда Текебаевге сотто кандай кыянаттык мамиле жасалса, азыр ал жоюлган жок. Мисалы маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн сот иштерине катыштырбоо, видео-фото жаздырууга каршылык көрсөтүү сындуу жагдайлар азыр да соттук иштерде өзгөргөн жок. Өзгөрүү бийликтин башка оппоненттерине эле карата болуп жаткандай. Бийлик алмашканы менен сот, прокуратура, УКМК, тергөө органдары бүт эски бойдон кала берүүдө. Башчы өзгөрүп, кысымга дуушар болгондор бошотулганы менен, алардын ордуна башка адамдар кириптер болуп жатат. Ушундан улам мыйзамдулук сакталбай жатат десек болот. Текебаевди азыр үй камагына гана чыгарышты. «Акталды» деген маселе алдыда чечилет. Эгерде ал акталса, ага айып койгон тергөөчүлөр, соттор жазага тартылса, башкаларда «бийликтин камчысын чабууга болбойт экен» деген түшүнүк калыптанып, ошондо мыйзамдуулук болот».

Сот адилеттиги орноду деп жыйынтык чыгарууга азырынча өтө эле эртелик кылат деп эсептегендердин арасында Венгриядагы Борбордук Европа университетинин докторанты, конституциялык укук боюнча адис Сания Токтогазиева да бар. Жакында Текебаевдин үй камагына чыгышы боюнча комментарий берип жатып ал төмөнкү жагдайларга токтолгон:

Сания Токтогазиева.
Сания Токтогазиева.

«Мурунку процесстердеги мыйзам бузуу фактылары ачыкка чыкса, анда албетте, ошол процесске катышкан соттор, прокурорлор, тергөөчүлөр мыйзам алдында жооп бериши керек. Бирок бул жерде «Бийлик ошого даярбы?» - деген суроо туулат. Ошондуктан азырынча сот системасына баа берүү же адилеттүүлүктүн орношу деп айтууга өтө эле эрте. Баары алдыда. Текебаевдин үй камагына чыккандан кийинки алгачкы интервьюсу мени кооптондурду. Анткени Текебаев азыркы саясий кырдаалда президент Сооронбай Жээнбековдун иш-аракеттерин саясий жана тарыхый прецедент катары баалап жатат. Бирок ошол эле учурда ал прецеденттин кантип ишке ашканына баа берген жок. Текебаев ар дайым - түрмөдө отурганда же Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда - мыйзамдуулукка жана конституционализмдин орнотулушуна басым жасап келген. Бирок Жээнбековдун иш-аракеттерине баа берип жатып ошол эле мыйзамдуулук жөнүндө унутуп койду. Менимче, бул жагдай 2010-жылдан кийинки Конституциянын авторуна туура келбеген позиция».

29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон. Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко башынан кайра кароого жөнөтүлгөн. Кийинки соттук жараян 12-сентябрга белгиленди.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Руслан Калматов

    "Азаттыктын" Жалал-Абад облусундагы кабарчысы. Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (11)

XS
SM
MD
LG