Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

Тышкы иштер министри: Натанздагы авария Ирандын позициясын бекемдейт


Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров
Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Натанздагы уран байытуучу заводго чабуулду «абдан начар авантюра» деп атады. Зариф бул тууралуу 13-апрелде Тегеранда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолуккандан кийин басма сөз жыйынында билдирди. Ал Натанздагы заводдогу авария өзөктүк келишим боюнча Ирандын позициясын бекемдерин кошумчалады.

"Эгер израилдиктер Иранга карата санкцияларды алып салуу боюнча аракетти токтотобуз деп ойлошсо, анда алар абдан начар оюнду башташыптыр”-деди Зариф.

Ирандын Натанздагы уран байытуучу заводунда авария 11-апрелде болгон. Анда заводдун электр бөлүштүрүүчү түйүнү иштебей калган. Тегеран окуяны “теракт” деп атап, бул үчүн Израилди айыптоодо. Расмий Тель-Авив бул ишке катышы бар-жогун, дегеле соңку кырдаал боюнча комментарий бере элек.

Эми Ирандын уран байытуучу эң башкы жайларынын бириндеги кырсык дүйнөнүн алты державасы менен өзөктүк келишимди жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр баштоо аракеттерине туш келди.

XS
SM
MD
LG