Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

Таласта эки жашар наристе табыла элек


Талас, Кыргызстан.
Талас, Кыргызстан.

Талас облустук милициясы Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылында жашаган тургундун эки жашар уулун издеп жатат.

Ички иштер бөлүмүнө наристе жоголгону тууралуу кабар 12-апрелде түшкөн. Ага ылайык, бала ошол күнү саат 15:30 чамасында үйүнүн жанында ойноп жүргөн маалда жоголуп кеткен.

Бул фактыны райондук милиция Маалыматтарды эсепке алуу журналына каттады. Алар наристенин сүрөтүн жарыялап, анын негизги белгилерин сүрөттөдү: бою болжолу менен 55-65 см, дене түзүлүшү толук, чачы кыска, күрөң түстө, көздөрү дагы күрөң. Ошол күнү кара түстөгү мойну туюк көйнөк, кызыл жеңи жок күрмө менен кара шым, бутуна кара кепич кийип жүргөн.

Райондук ички иштер бөлүмү бул тууралу кандайдыр бир маалыматты билген-көргөндөрдү 03457 32314, 03422 6 0547,0701 131396, 0701 601 629, 0779 102 153 же 102 телефондоруна чалып кабарлоону өтүнөт.

Учурда баланы милиция жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери издеп жатат. (MKt)

XS
SM
MD
LG