Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:10

Өзбекстан Тоолуу Карабакта мектеп курууну көздөөдө


Азербайжан менен Армениянын ортосунда талаш боуп келген Тоолуу Карабакта 2020-жылдагы куралдуу кагылышта тартылган сүрөт.
Азербайжан менен Армениянын ортосунда талаш боуп келген Тоолуу Карабакта 2020-жылдагы куралдуу кагылышта тартылган сүрөт.

Өзбекстан Тоолуу Карабакта мектеп курууну көздөп жатат. Бул тууралуу Маалымат жана жалпы коммуникациялар агенттигинин директору Асджон Хужаев пресс-конференцияда айтканын жергиликтүү басылмалар жазышты.

Хужаевдин айтымында, Тоолуу Карабакты өнүктүрүү маселесин Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттер талкуулап, Өзбекстан да өз жардамын сунуш кылган.

"Менин билгеним боюнча, бир мектеп куруу боюнча келишим бар, ал Азербайжан калкына Өзбекстандан белек болот", - деди Хужаев.

Буга чейин Өзбекстан Кыргызстанга жана Тажикстанга мектеп, оорукана куруп берген.

XS
SM
MD
LG