Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:06

Беларуста "Euronews" телеканалынын трансляциясы токтотулду


Беларуста 12-апрелден тартып "Euronews" телеканалынын трансляциясы токтотулду. РИА Новости агенттиги Маалымат министрлигинин өкүлдөрүнө таянып билдиргендей, "Жарнама жөнүндө" мыйзамдын эрежелери бузулганы үчүн өкмөт ушул кадамга барды.

Министрликтин сайтындагы кабарда Беларус аймагында сигнал таратуу үчүн "Euronews" телеканалына берилген уруксаттын мөөнөтү бүткөнү айтылат.

"Euronews" - Европанын күнү-түнү иштеген маалыматтык телеканалы, программалары 13 тилде жайылтылат. Беларустун Журналисттер бирикмесинин өкүлдөрү каналдын трансляциясынын токтотулушуна өлкөдө 2020-жылдын августундагы президенттик шайлоодон кийин улам өтүп келаткан акциялар көрсөтүлүп жатканы себеп болушу мүмкүн деп божомолдошот.

Беларустагы президенттик шайлоодо Александр Лукашенко утканы жарыяланган соң нааразылык акциялары күчөп, пикет-митингдер уланып келүүдө.

Ал арада 12-апрелден баштап Орусияда даярдалган "Победа" ("Жеңиш") деп аталган теледолбоордун программалары Беларуста жайылтыла баштады. Анда Экинчи дүйнөлүк согуш окуяларына арналган көрсөтүүлөр, фильмдер жана сериалдар, ардагерлердин эскерүүлөрү, тарыхчылар менен интервьюлар берилет.

XS
SM
MD
LG