Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Өспүрүм жараат алган окуя үчүн эки бала кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунда бир өспүрүм жараат алган мушташты уюштурууга шектүү катары эки бала кармалды, алардын бөгөт чарасы бүгүн, 14-апрелде каралат. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Ак-Суу районунун Таш-Кыя айылынын 15 жана 16 жаштагы эки тургуну 13-апрелде 24 саатка милициянын убактылуу кармоочу жайына отургузулду.

Беш бала катышкан окуя 9-апрелде Караколдун Кашка-Суу кичи районунун жанындагы футбол аянтчасында болгон. Милициянын маалыматына караганда, өспүрүмдөрдүн биринин башына таш тийип, облустук оорукананын сыныктар бөлүмүнө түшкөн.

Факт Каракол шаардык ички иштер бөлүмүндө Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ээнбаштык") менен катталып, сегиз өспүрүм суракка алынды. Алардын экөө урушту уюштурууга шектелүүдө.

Быйыл февраль айында Таласта да балдар арасында калайман мушташ чыккан. 2019-жылы Аксыда кыздардын мушташынан кийин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, мектеп директору жана бир топ мугалим кызматтан алынган. (KS)

XS
SM
MD
LG