Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Айзаданы өлтүргөн адамга карата мурда токмоктоо боюнча иш козголгону белгилүү болду


Айзаданын өлүмүнөн кийинки нааразылык митинги. Бишкек шаары. 8-апрель, 2021-жыл.
Айзаданын өлүмүнөн кийинки нааразылык митинги. Бишкек шаары. 8-апрель, 2021-жыл.

27 жаштагы Айзада Канатбекованы уурдап, өлтүрүүгө шектелген Замирбек Теңизбаевдин үстүнөн эки жыл мурда токмоктоо боюнча иш козголуп, кийин тосмо арыздын негизинде жабылган. Бул тууралуу 14-апрелде “Азаттык” радиосуна Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 2019-жылдын 14-майында райондук милицияга 1991-жылы Ош облусунда төрөлгөн Айгүл (ред.-аты өзгөртүлдү) кайрылган. Ал Бишкектеги Көк-Жарда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде З. аттуу жаран денесине залал келтиргенин айтып, чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факт Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын каттоосуна алынып, Жоруктар кодексинин 65-беренеси (“Уруп-сабоо”) боюнча сотко чейинки териштирүү башталган. Кийин арыз жазган кыз териштирүүнү токтотуу өтүнүчү менен тосмо арыз берген. Арызга байланыштуу жана Кылмыш-процесстик кодекстин 26-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктунун (“Процесстен тышкары жагдайлар”) негизинде сотко чейинки териштирүү токтотулган.

Айзада Канатбекованы быйыл 5-апрелде Бишкектин көчөсүнөн үч адам күчтөп унаага салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү талаадан табылган. Шаардык милиция адам уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйганын билдирген. Теңизбаев Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн үч ирет соттолуп, абакта отуруп чыкканы белгилүү болгон. Айзаданын өлүмүнө байланыштуу төрт адам кармалды. (LzT)

XS
SM
MD
LG