Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:42

HRW башчысы абактагы Навальныйга карата мамилени айыптады


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

"Human Rights Watch" (HRW) эл аралык уюмунун аткаруучу директору Кеннет Рот абактагы орус оппозиционери Алексей Навальныйга карата мамилени айыптады. Ал саясатчыны абакта атайлап кемсинтип, эркин сындырууга аракет болуп жатат деп билдирди.

Укук коргоо уюму Навальныйдын өмүрү үчүн тынчсызданып жатканын белгилеп, орус бийлигин саясатчыны абакка кесүү менен орусиялыктардын демократияга умтулуусун жокко чыгара албасын эскертти.

Алексей Навальный акыркы апталарда абакта саламаттыгы начарлап кеткенин айтып келет. Ал медициналык жардам көрсөтүлбөй жатканына нааразылык иретинде 1-марттан бери ачкачылык кармап жатат. Абак жетекчилиги Навальныйдын абалын «канааттандырарлык» деп билдирүүдө.

13-апрелде саясатчы окуу үчүн китеп, анын ичинде мусулмандардын ыйык китеби Куранды бербей жатканы үчүн түрмө жетекчилигинин үстүнөн сотко кайрылды.

Кремлдин башкы сынчысы Алексей Навальный мындан алты жыл мурунку иши үчүн 2,5 жылга эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG