Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Киевде карантиндик чаралар узартылды


Украина, Киев
Украина, Киев

Украинанын борбору Киевде коронавируска байланыштуу чектөөлөр 30-апрелге чейин узартылды. Шаардын мэри Виталий Кличко 14-апрелде калаада коронавирус жуктургандар жана андан каза болгондор көбөйүп жатканын билдирди.

“Башка аргабыз жок. Андай болбосо бейтаптардын саны мындан ары да көбөйсө, саламаттык сактоо система көтөрө албайт»,-деди Кличко.

Киевде карантиндик чаралар өткөн айда киргизилген. Ага ылайык, мектептер, бала бакчалар, театрлар жана соода борборлору жабылган. Ал эми коомдук транспорт да чектелүү санда иштеп жатат.

Виталий Кличко мекеме-уюмдарды жумушчуларын аралыктан иштөөгө же эмгек өргүүсүнө чыгуу үчүн шарттарды түзүүгө чакырды.

13-апрелде Киевде 1457 адамдан вирус аныкталып, 47 адам каза болду. Пандемия башталгандан бери Украинада 1,9 миллион адам вирус жуктурса, 38 миңден ашыгы көз жумду.

XS
SM
MD
LG