Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

УКМК: Катылган курал-жарактар табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) жана «Альфа» атайын кызматынын иликтөөсүнүн натыйжасында Чүй облусунан курал-жарак жана ок-дары сакталган кампа табылды. Анда Калашников автоматынын 2 магазини, 5.45 үлгүсүндөгү 59 даана ок-дарылар жана РПГ-26 «Аглень» гранатомету болгон.

УКМКнын басма сөз кызматы бул курал-жарак өлкөдөгү күч бөлүмдөрүнүн бирине таандык болушу мүмкүн экенин, аны тоноочулукка тиешеси бар кылмышкерлер алышы ыктымалдыгын кабарлады.

Учурда УКМК куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоого аракет кылып жатат. Бул курал-жарак 2010-жылдагы апрель жана 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары учурунда жоголгон курал-жарактарды издөө иштеринин алкагында табылган.

2010-жылкы апрель окуясында, июнь коогалаңында жалпы күч түзүмдөрүнө таандык курал-жарактар жоголгон.

Июнь коогалаңында 1190 курал-жарак жоголгон. Анын ичинен жарымынан азыраагы - 557 ок атуучу курал кайтарылган. 663 курал-жарак ушул күнгө чейин изделип жатканы кабарланган.

Июнь окуясындагы башаламандык учурунда ИИМге, УКМКга, Мамлекеттик чек ара кызматына, Башкы штабга таандык курал-жарактар жоголгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG