Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:53

Орусия-Түркия: аба каттамдары токтоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

12-апрелде орус бийлиги Түркияга аба каттамдарын токтоткондугу тууралуу чечимин кабарлады. Бул чектөө Киев менен Анкаранын "жакындашуусунан" кийин киргени талкууланууда. Ал эми орусиялык туристтик агенттиктер жарым миллион турист жайында Түркиядагы мейманканаларга жолдомо алып койгонун билдирди.

12-апрелде Орусиянын вице-премьер-министри Татьяна Голикова 15-апрелден 1-июнга чейин Түркия менен Танзанияга аба каттамдары токтотулганын кабарлаган. Анын айтымында, мындай чечимге эки өлкөдө коронавирусту жугузуп алгандар кескин көбөйгөнү себеп болгон.

Татьяна Голикова.
Татьяна Голикова.

"Биздин негизги милдетибиз - Орусиянын жарандарынын ден соолугун жана коронавирустун жаңы түрлөрүнө каршы ооруга байланыштуу туруктуу кырдаалды коргоо. Атайын борбор аба каттамы ачык болгон өлкөлөрдө вирустун жайылышын такай көзөмөлдөп турат".

Эгерде Түркияда эпидемиологияык кырдаал оңолсо, анда орусиялык туристтерге Түркияга барууга кайрадан уруксат берилет. Голикова жергиликтүү туристтик агенттиктерден Түркия багытында жолдомо сатууну убактылуу токтотууну өтүнүп, бийлик бул агенттиктерге материалдык колдоо көрсөтөрүн кошумчалады.

1-июнга чейин Стамбул-Москва багытында аптасына эки каттам каралган болчу.

Орусиянын Туроператорлор ассоциациясынын аткаруучу директору Майя Ломидзе аба каттамдары токтосо, жеке агенттикттерге чоң чыгым болорун айтты.

Майя Ломидзе.
Майя Ломидзе.

"Туризм тармагы мындай чечимге 6-апрелден бери даярдана баштаган. Бирок агенттикттер азыр эмне кыларын билбей нес болуп турушат, анткени туризм тармагы оор абалда. Эми көптөгөн туристтердин маселесин жөнгө салууга туура келет. Чакан агенттиктерди эсепке албаганда, ушул күнгө чейин 500 миңден ашык туристке жолдомо сатылган. Бул жолдомолордун жалпы баасы 350 миллион еврону түзөт".

Ушул тапта Түркиянын мейманканаларында 30 миңден ашык орусиялык турист эс алууда. Алар өлкөсүнө атайын уюштурулган чартердик каттам менен кетери белгилүү болду.

Ал арада социалдык тармактарда Владимир Зеленский менен Режеп Тайып Эрдогандын жолугушуусу каттамдардын токтошуна себеп болгону айтылып жатат.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 10-апрелде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуудан кийин Донбасс аймагындагы тирешти дароо токтотууга чакырган болчу. Стамбул шаарындагы бул сүйлөшүүлөр Украинанын чыгышындагы узактан бери созулуп келе жаткан согуштук жаңжалга байланыштуу Киев менен Москванын ортосундагы жаңы тирешүүгө дал келди.

Владимир Зелеснкий жана Режеп Тайып Эрдоган.
Владимир Зелеснкий жана Режеп Тайып Эрдоган.

13-апрелде Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу аба каттамдары боюнча чечимдин артында эч кандай саясий себеп жок экенин билдирди.

"Бул чечим толугу менен жарандардын ден соолугу үчүн кабыл алынды. Биз былтыр Германия менен кызматташканбыз, эми Орусия менен жагдайга байланыштуу өтүнүчүбүздү билдирдик. Мындан улам жакында Орусиядан атайын делегация Түркияга келет".

Ал ошондой эле Анкара менен Москванын ортосунда кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр башталганын кошумчалады.

Түркия менен Орусиянын ортосундагы аба каттамдарынын токтошу коронавирустун күчөшүнө байланыштуу деп көрүнгөнү менен эки өлкө ортосунда 2015-жылы болгон учак маселесин эске салбай койбойт.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Анда Сирия менен чек арада түркиялык аскерий-аба күчтөрү орусиялык учакты атып түшүргөндөн кийин эки өлкө ортосундагы мамиле кескин начарлап кеткен. Окуядан кийин Орусия Түркияга каршы экономикалык санкцияларды киргизип, эки тараптуу сооданын көрсөткүчтөрү төмөндөгөн. Ошол жылдары Түркиянын туризм аймагындагы мейманканалар чоң чыгымга дуушар болушкан.

Түркиянын туристтик аймактарында эң көп эс алган чет элдиктердин ичинен орусиялыктар биринчи орунда турат. Былтыр бул өлкөгө эки миллиондон ашык орусиялык турист келген.

Түркияда коронавирус менен ооругандар көбөйүп, 14-апрелден тартып өлкөдө карантиндик чектөөлөр кайрадан киргизилди.

Кабыл алынган чечимге ылайык, 14-апрелден баштап өлкөдө кафе-ресторандарда тамактанууга болбойт. Аймактар ортосундагы каттамдарга чектөө киргизилет жана орто мектептерде билим алуу аралыктан окууга өтөт.

Ал эми расмий маалыматтар боюнча 13-апрелде Түркияда COVID-19 вирусунан өлгөндөрдүн саны 34 455 кишиге жетти.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG