Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Ташиевди сындаган серепчи чыккынчылыкка айыпталды


Сүрөт Марат Казакпаевдин "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.
Сүрөт Марат Казакпаевдин "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) чыккынчылыкка шек саналып кармалгандардын бири саясат талдоочу Марат Казакпаев экенин ырастады. Аны менен кошо камалган дагы бир кишинин чоо-жайы азырынча белгисиз. Бул жагдай коомчулукта түрдүү талкууларга жем таштады.

Мында түкшүмөл жараткан бир жагдай – Казакпаев аз күн мурда маектеринин биринде атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин аракеттерин ачык сынга алган.

Сыры айтылбаган иш

Мамлекетке чыккынчылык кылууга шектүү катары кармалган эки адамдын биринин аты-жөнү Марат Казакпаев экенин 14-апрелде УКМК расмий кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы алар ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында табылган далилдердин негизинде 13-апрелде кармалганын билдирди.

УКМК кармалган экинчи адамдын аты-жөнүн ачыктай элек, ал тууралуу М.Т. деген гана маалымат берүү менен чектелди.

Атайын кызматтын өкүлү Назгүл Кыдыралиева аларга коюлган айып менен 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралганын билдирди:

Назгүл Кыдыралиева.
Назгүл Кыдыралиева.

"Жазык кодексинин 307-беренесинин биринчи бөлүгү – “Мамлекетке чыккынчылык кылуу” боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аталган кылмышты жасоого бул жарандардын катышы бар экендиги жөнүндө далилдер алынды. УКМК колдонуудагы мыйзамдардын бул кылмышты жасагандыгы үчүн 10 жылга эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын белгилеп кетет. Сотко чейинки териштирүүнүн материалдары улуттук коопсуздукка тиешеси бар болгондуктан иш купуялык негизде каралат”, -деди ал.

УКМК алгач мындай кылмышка шектүү катары кармалган эки кишинин аты-жөнүн атаган эмес. Бир катар басылмалар өз булактарына таянып, чыккынчы деген шек менен колго түшкөндөрдүн бири саясат талдоочу Марат Казакпаев экенин жазып чыгышкан.

Азырынча Казакпаевдин адвокаттары жана жакындары менен байланышууга мүмкүн боло элек. Кайсы иштерге байланыштуу айып коюлганы жөнүндө так маалымат жок.

Деген менен бул окуя коомчулукта түрдүү жоромолдорду жаратып, талкууларга жем таштады. Айрыкча социалдык тармактарда мамлекеттик кызматта иштебеген адамдын чыккынчылыкка айыпталышы күмөн жаратары тууралуу пикирлер арбын айтылып жатат.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков атайын кызматты ичинен билген адис катары бул ишке мындайча түшүндүрмө берди:

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

“Биринчиден, мамлекетке чыккынчылык кылды деген өтө оор кылмыш. Экинчиден, эгерде Кыргызстандын жараны, кайсы жерде иштебесин мамлекеттик же аскердик сырларды башка мамлекеттерге, алардын атайын кызматтарына, же негизги уюмдарына берсе, тышкы коопсуздукка чоң коркунуч келтирсе - бул чоң чыккынчылык болуп эсептелет. Мамлекеттик кызматта иштебеген адам деле ушундай кылмыштарга шек саналышы мүмкүн. Анткени киши мамлекеттик кызматта иштебесе деле ортомчулар аркылуу купуя маалыматка ээ болуп калышы ыктымал. Анан кызыкдар тараптарга берип, Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирсе, ал мамлекеттик кызматта иштейби же иштебейби жоопко тартылат”.

Казакпаевдин тарапташтары же жактоочулары атайын кызматтын айыптоосу тууралуу азырынча үн ката элек. Бул макала жазылып жаткан чакта алар менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Кармоого дал келген сын

Марат Казакпаев көп жылдан бери журналисттерге саясат таануучу катары белгилүү. Ал 55 жашта, 1996-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин аяктаган. Эмгек жолун ушул эле окуу жайдын философия жана дин таануу кафедрасында баштаган. Кийин саясат таануу кафедрасына которулган. Казакпаев соңку жылдары Кыргыз-Орус Славян университетинде ушул эле багытта сабак берип келген.

Казакпаев эксперт катары өлкөдөгү орчундуу коомдук-саясий окуялар жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына маек куруп, комментарий берип турчу.

Талдоочу жергиликтүү Саясий-укуктук изилдөөлөр борборунда (ЦППИ), бир нече өлкөлөрдүн эксперттеринин башын бириктирген “Пикир” клубунда жана башка уюм-мекемелердин платформаларында да өз ойлору менен бөлүшүп келген. Ар кандай саясий изилдөөлөргө да катышып жүргөн жайы бар.

Жакынкы убактарда орусиялык «Гуров и партнеры. Центральная Азия» аттуу сайты менен жергиликтүү долбоордун жетекчиси катары кызматташып жүргөнү кабарланууда. 24.kg жана Kaktus.media басылмалары интернеттеги архивдерге таянып gurovpr.ru сайтында Казакпаев тууралуу кенен маалымат болгонун жана ал кармалгандан кийин макала өчүп калганын жазып чыгышты.

Ошол эле убакта айрымдар “Марат Казакпаев өз интервьюларында бийликке жакпаган билдирүү жасап, ошондон улам кайсы бир аткаминерлерге жакпай калышы мүмкүн” деген жүйөлөрдү келтиришүүдө. Саясий талдоочу Игорь Шестаков мындай ойлорго кошулбайт:

Игорь Шестаков.
Игорь Шестаков.

“Марат эксперт катары кыйла эле ортомчул маанайды карманчу. Мен аны он жылдан бери билем. Ал кескин көз караштарды айтчу эмес, ойлору менен мелүүн абалда эле бөлүшүп турчу. Ошондуктан азыркы мезгилде кандайдыр бир оппозициялык маанайда саясат таануучу болгон дегенге негиз жок. Мен анын кайсы бир комментарийлери камоого себеп болду деп ойлобойм. Башка маселе, ал кайсы бир мамлекеттик долбоорлордо иштегенби же жокпу, менин кабарым жок экен. Ошентсе да мен бул кармоону резонанстуу иш деп атайт элем. Анткени Марат Казакпаев акыркы он жылдан бери медиа мейкиндигине активдүү катышкан эксперттердин бири”.

Деген менен көңүл буруучу бир жагдай – Марат Казакпаев “Азия Ньюс” гезитинин 8-апрелдеги чыгарылышына жана ушул эле гезитке таандык aryba.kg сайтына 10-апрелде “Абал курчуп баратат, чек араны Ташиев чече албайт” деген аталышта маек курган. Анда ал азыркы бийликтин, анын ичинде атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу аракеттерин сынга алган эле.

Марат Казакпаевдин интервьюсунан скриншот.
Марат Казакпаевдин интервьюсунан скриншот.

“Чынында эле абал оорлошуп баратат. Акырындап ушул абалга такалдык. Делимитация боюнча ушундай кала берсе, чыр-чатактар улана берет. Учурда айдап-себүү, жазгы талаа жумуштары башталды. Кандай болсо дагы тажик чек арачылары кол салып, нааразылыктар болуп, күн алыс түрдүү жаңжалдар орун алып келет. Себеби, чек ара толук такталып, түзүлө элек. Бир дагы документ жок, ошону үчүн ушундай окуялар кайталанууда. Менин оюмча, Камчыбек Ташиев эмес, президент Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен жолугушуусу керек... Камчыбек Ташиев экинчи вариант боюнча айтып кетти. Алмашуу боюнча сөз козгоду. Бул таптакыр туура эмес. Тажик тарап Ворухту алмашууга барбайт. Булар “Ворух – тажиктин жери” деп сөздөрүнө турушат. Ошондуктан сүйлөшүүгө барбай жатышат... Ак-Сай менен Лейлекке чейин жол салыш керек болчу. Жол, фабрика салып таштасак, ошолорду көрүп эле тажиктерге коркунуч болмок. Чек арачыларга да шарт керек. Коопсуздук окууларын тез-тез өткөрүп, иштеп, кыймылдасак жылыш болот. Анан жөн эле “алмашып коёлу” деген куру сөз болбойт. Болбогон позицияны айта берсек, абал курчуй берет. Муну Камчыбек Ташиев же башка аткаминерлер чече албайт”, - деген ал анда.

Атайын кызматтын төрагасы, чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдө кыргызстандык делегациянын жетекчиси Камчыбек Ташиев чек ара тууралуу соңку билдирүүсүн 26-марттагы маалымат жыйынында жасаган. Анда ал кыргыз-тажик чек арасын чечүү үчүн Ворух анклавын Баткендеги башка аймактан 12 миң гектар жерге алмаштырууга даяр экенин, бул сунуш Дүйшөмбүгө берилгенин маалымдаган.

Тажик президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын аймагындагы Ворух анклавына 9-апрелде келген учурда аны алмашуу ыктымалдыгын четке каккан.


Кыргызстанда буга чейин дагы "Мамлекетке чыккынчылык кылуу" беренеси менен кармалып, соттолгондор болгон. Алардын бири - өкмөттүк аппаратта иштеген Алтынбек Муралиев 2014-жылы кармалып, 22 жылга соттолгон жана 2019-жылы жатак абакка чыгарылган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG