Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

Тыңчыны тойго чакырган жубайлар соттолду


Антонина Зимина жана Константин Антонец.
Антонина Зимина жана Константин Антонец.

Орусиялык Антонина Зимина жана анын күйөөсү Константин Антонец мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып менен узак мөөнөткө эркинен ажыратылды. Кылмыш ишин козгоого жубайлардын үйлөнүү тоюнда тартылган видео тасмага Федералдык коопсуздук кызматынын офицери түшүп калганы себеп болгон.

24-декабрда Калининград облустук соту Горчаков фондунун кызматкери Антонина Зиминаны жана анын күйөөсү Константин Антонецти мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып менен узак мөөнөткө эркинен ажыратты.

Сот чечимине ылайык, Антонец 12,5 жыл, ал эми Зимина 13 жыл темир тор артында отурат.

Бул кылмыш иши жубайлардын үйлөнүү тоюнда тартылган видеотасмага Федералдык коопсуздук кызматынын офицери түшүп калганы үчүн козголгон.

Тасмадан Латвиянын атайын кызматтары орусиялык тыңчыны таанып калган. Зимина менен Антонецтин адвокаттары коопсуздук офицери мас абалында иши тууралуу өзү айтып бергенин билдиришүүдө. Бирок мамлекеттик айыптоочулар жубайлар жашыруун маалыматты атайын Латвияга берген деп эсептейт.

Антонина Зимина.
Антонина Зимина.

Анда кепти чуулгандуу тойдон баштасак.

Антонина Зимина жана Константин Антонец 2015-жылы баш кошкон. Чакан той жубайлар туулуп-өскөн Калининград шаарында өткөн. Ага Зиминанын классташы Максим Денисенко да чакырылган.

Ал мас болуп алып Орусиянын атайын кызматынын тыңчысы экенин ачык айткан. Тойго Латвиядан да коноктор да келген. Тойдогу видео жана сүрөттөр социалдык тармактарга тарап, кийин ошол сүрөттөр жубайларга коюлган айыпка далил катары колдонулган.

Антонинанын атасы Константин Зимин Максим Денисенконун атайын кызматтын тыңчысы экенин ырастаган.

Константин Зимин.
Константин Зимин.

«Анын атайын кызматта иштейм дегени чын. Эгерде кандайдыр бир долбоорлоруңар болсо, жардам берүүгө даярмын дечү. Ушул сыяктуу сөздөрдү ал тойдо башка конокторго да айтып жатканын уккам», - деп эскерет Константин Зимин.

Тойго катышкан коноктордун бири Рига шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Руслан Панкратов "атайын кызматты ачыка чыгарды" деген айып менен камалган жаш жубайлар эмес, тойдо "чардаган" офицер Максим Денисенко жазасын алышы керек экенин баса белгиледи.

Руслан Панкратов.
Руслан Панкратов.

«Эгер Федералдык коопсуздук кызмат бул үй-бүлөнү мамлекеттин жашыруун сырларын сактаган офицерди ачыкка чыгарды деп күнөөлөсө, анда ал офицер да жазага тартылышы керек болчу. Атайын кызмат иликтөө баштап, Денисенко жок дегенде кызмат ордунан төмөндөшү керек эле. Ал жөнүндө эч кандай кабар жок», - деди Зиминанын досу Руслан Панкратов.

2018-жылы Орусиянын атайын кызматынын жоон тобу Антонина Зимина жашаган батирге кирип барып, кармап кеткен. Бир жылдан кийин Антонинанын күйөөсү Константин Антонец да камакка алынган. Ошондон бери аларга каршы козголгон кылмыш иш жабык режимде каралып келген. Бирок 2018-жылы Антонина Зимина камакта отурган тергөө изоляторуна барган орусиялык укук коргоочу Александр Ионов, анын чет өлкөдөн жарандык алуу мүмкүнчүлүгүн сураганын айтты.

«Ал менден Латвиянын жарандыгын алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат алгысы келерин айтып, анын жол-жобосун түшүндүрүп берүү үчүн кайрылды. Антонина абакта отуруп башка өлкөнүн жарандыгын алуу жараянына абдан кызыкдар экенин түшүнгөм», - деди адвокат Александ Ионов.

Зимина жана Антонец өзүнө коюлган айыпты четке кагып, кылмышты мойнуна албай келет. Учурда сот чечими күчүнө кире элек. Соттолуучулардын адвокаттары анын үстүнөн жогорку инстанцияга арызданууга камынып жатат.

Акыркы жылдары Орусияда мамлекеттик чыккынчылыкка байланыштуу кылмыш ишинин саны кескин көбөйдү. Акыркы чуулгандуу иште журналист, «Роскосмостун» башчысынын кеңешчиси Иван Сафронов камакка алынган. Ага «мамлекетке чыккынчылык кылган» деген айып коюлган жана «Чехиянын атайын кызматтары менен тымызын кызматташып жүргөн» деп маалымдалган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG