Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:45

Бишкекте 22 мектеп окуучусунан, 16 мугалимден коронавирус аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык мэриясы 9-апрелге чейин борбор калаада 22 мектеп окуучусу жана 16 мугалим коронавирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталганын кабарлады. Буга байланыштуу жети мектептеги 11 класс аралыктан окутууга өткөрүлгөн.

14-апрелге карата шаардагы үч мектеп - №13, 28, 52 орто мектептер аралыктан окутуп жатышат. 1 377 баланын ата-энеси балдарынын саламаттыгына байланыштуу аралыктан окууга арыз жазышкан.

Шайлоо жана референдумдан кийин, 14-апрелде Бишкектеги мектептерде кадимкидей окуу уланды. 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары мектеп партасына кайтышты. Ушул тапта мектептерде жүз миңден ашуун бала окуп жатат.

13-апрелде Оштогу эки менчик мектептин окуучуларынан коронавирус аныкталган. "Жетиген" жана "Олимп" мектептердинде окушкан бир тууган үч кызга оору Бишкектен жаңы барган атасынан жуккан. Натыйжада бул мектептер эки жумалык карантинге жабылып, балдар аралыктан окуй турган болушту.

Коронавирус пандемиясынан улам былтыр 23-марттан тартып Кыргызстандагы мектептер жана окуу жайлар аралыктан окууга өтүшкөн. Мектептер 4-чейректи аралыктан окуу менен аяктап, быйылкы жаңы окуу жылын да ушул режимде уланткан. 1-сентябрда мектепке 1-класстын окуучулары гана барган.

Экинчи чейректен тартып айрым жашыл аймактагы мектептерге 1, 5, 9, 11-класстарга салттуу түрдө окутууга уруксат бериле баштаган.

Жеке менчик мектептерде окутуу сентябрдан бери кадимкидей тартипте эле өтүп жатат.

Кыргызстанда коронавирус 90 миңден ашуун адамга жукту, алардын 1,5 миңдейи каза болду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG