Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:22

Кургак учук жугузган жоокерлердин ата-энелери нааразылык билдиришти


Кыргызстандык жоокерлер. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандык жоокерлер. Иллюстрациялык сүрөт.

Кургак учук жугузуп алган жоокерлердин ата-энелери 14-апрелде Бишкектеги маалымат жыйында Коргоо министрлигине нааразылык билдиришти.

Алар жабыркаган жоокерлерге аскердик билет берүүнү, аларды жакшылап дарылоону талап кылышты.

«Биздин балдарыбыз өз ыктыяры менен аскерге кеткен. Аскер комиссарлыгынын шалаакылыгынан аларга кургак учук жукту. Эми аларды аскерге жараксыз деп атышат. Биз балдарыбызга аскердик билеттин берилишин, аларды милдет өтөөгө жарактуу деп табууну талап кылабыз», - деди басма сөз жыйынга катышкандардын бири Сабира Осмонова.

Анын маалыматына караганда, учурда үч аскер госпиталда, калганы ооруканада дарыланып жатат.

Нааразы тарап эгерде ооруп калган жоокерлерге аскердик билет берилбесе Коргоо министрлигин сотко бере турганын айтышты.

Быйыл мартта Куралдуу күчтөрдүн башкы штабына тиешелүү №97632 аскер бөлүгүндө 14, № 7412 аскер бөлүгүнөн бир кишиден кургак учук аныкталган. Алардын баары ооруканага жаткырылган.

Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы жоокерлердин жапырт кургак учук жугузушу боюнча Жазык кодексинин 331-беренеси - («Шалаакылык») менен кылмыш ишин козгогон. (NT)

XS
SM
MD
LG