Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:04

Ош ОИИБ: Ок тийген адамдын иши боюнча тергөө жүрүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

9-январда Кара-Суу районунун Даңги аймагында ичине ок тийип, ооруканага түшкөн адамдын окуясы боюнча соттук-баллистикалык экспертизалар жасалган. Экспертизанын бүтүмү менен жабырлануучунун айтканы карама-каршы чыккан. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. Анын айтуусунда, жабырлануучу талаада оттоп жүргөн малынан кабар алуу үчүн Даңгиге барган учурда белгисиз жактан атылган ок келип тийгенин, унаасына отуруп, коңшу короодогу малчынын жардамы менен облустук ооруканага жеткирилгенин милицияга билдирген.

Бул окуяны облустук милиция Жазык кодексинин 266-беренеси ("Ок атуучу куралды колдонуу менен ээнбаштык кылуу") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, тергөө иштерин баштаган.

"Жабырлануучунун окуя болгон күнү кийген курткасына, жемпирине жана майкасына соттук-баллистикалык экспертиза жасалып, анын корутундусу боюнча ок жакын аралыктан, денеге такалган абалда атылганы жана ок TOЗ-8, TOЗ-16 үлгүсүндөгү сайлуу карабин же мылтыктан атылганы белгилүү болгон. Жабырлануучунун көрсөтмөсү менен экспертизанын корутундусу кайчы чыгып жаткандыгына байланыштуу бул ишти тергөө бир аз создугууда", -деп билдирди Жеңиш Аширбаев.

13-апрелде айрым маалымат каражаттары бул ишке милиция кайдыгер карап жатат деген таризде жазып чыгышкан.

5-апрелде уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясынан кийин милициянын ишине сын-пикир күчөгөн. Айзаданын өлүмүнө байланыштуу кызматтык иликтөөлөрдөн кийин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакыт Матмусаев баш болгон 12 жетекчи кызматтан алынган. 32 милиция кызматкери түрдүү тартип жазасына тартылышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG