Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Депутат Рысалиев: Тергөө менен кызматташуу ыкмасын курал катары колдонуп жатышат


Зарылбек Рысалиев.
Зарылбек Рысалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев Кыргызстанда тергөө менен келишим түзүү ыкмасы өзүн актаган жок деп эсептейт. 15-апрелде парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып ал муну куралга айланган ыкма деп атады:

“Кээ бир тергөөчүлөр муну курал катары колдонуп жатышат. Айыпталуучуга карата бул берене курал катары колдонулуп жатканы баарыбызга чындык”.

Кыргызстанда 2019-жылы жаңы Жазык кодекси иштей баштаган. Ага ылайык, айыптоочу жана жактоочу тараптар кызматташуу тууралуу процессуалдык келишим түзүп, жаза чарасы жумшартылат. Кылмышка шектүү тарап бул үчүн тергөөгө жардамдашып, башка шектүүлөр тууралуу маалымат берүү милдетин алат.

Депутат бул кодекстин мурдагы редакциясына кайтып келүү керектигин айтты.

Жаңы Баш мыйзам кабыл алынса бир топ мыйзамдар өзгөртүлөрүн президент Садыр Жапаров да жакында айткан.

Соңку кездери ири өлчөмдөгү коррупция үчүн кармалып, кийин тергөө менен макулдашып, акчасын төлөгөн соң камактан бошонуп кеткендер көп болуп жатканы эл арасында талкууга алынууда. (RK)

XS
SM
MD
LG