Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:17

Айбалаев: Усубалиевдин сунушу менен губернатор болгом


Айбалаев: Мен чек арадагы ынтымакты бузбай иштегем
please wait

No media source currently available

0:00 0:39:53 0:00

Айбалаев: Мен чек арадагы ынтымакты бузбай иштегем

«Бийлик сырлары» берүүбүздүн бул жолку мейманы Баткен облусунун мурдагы губернатору, “легендарлуу парламенттин” депутаты Мамат Айбалаев болду.

Ал маекте Кадамжай сурьма комбинатына кантип эки жолу директор болгонун, 150 танкты Баткенге алып келүү долбоору эмне үчүн ишке ашпай калганын, өзүнө козголгон кылмыш ишинин төркүнү, кошуна өлкөлөр менен мамилеси, саясатчылар Масалиев, Акаев, Усубалиев, Сарыгулов, Шадиев жөнүндө көз караштары менен бөлүштү.

- Мамат мырза, сизди 2000-жылы жаңы уюшулган Баткен облусуна губернатор болуп дайындоо сунушун ким берген?

- Ачык айтайын, мен губернатор болгондон кийин Ысык-Көл облусунун 60 жылдыгы белгиленип, бизди чакырып калды. Мен салтанатта чыгып сүйлөп, убагында көлдүк адистердин, айрыкча мугалимдердин Баткен облусунун өнүгүшүнө кошкон салымын баса белгилеп, ыраазычылык айттым.

Кечинде президенттин атынан сый тамак уюштурулду. Анда Кыргызстанды чейрек кылым башкарган Турдакун Усубалиев менен бир үстөлдө отуруп калдык. Ким экени эсимде жок, бирөө “Баткен облусунун губернаторлугуна тандап жатканда, сиздин талапкерлигиңизди президентке Турдакун Усубалиевич сунуш кылган” деп айтып калды. Мен ал кишиге рахматымды айттым.

- Сиз губернатор болуп турганда Балыкчыдагы аскер бөлүгүнөн 150 танкты Баткенге алып келүүнү сунуш кылган деп угуп калдым, ушул чынбы?

- Губернатор болуп келгенде облустун жалпы абалы менен таанышып чыккандан кийин Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловго телефон менен байланыштым. Ал президент Аскар Акаевдин жакын адамы, жакшы досу эле. “Балыкчыда турган 300 танктын 150сүн Баткенге бербейсиздерби” деп демилге кылдым. Ал дароо макул болуп колдоду. Бир жумадан кийин байланышсам “танктарды темир жол менен ташууга Өзбекстан макул болбой жатат” деди. “Анда атайын машиналарды уюштурайын, ташып алабыз” дедим. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен сүйлөшүп даярданып жатканда мени кызматтан алып коюшту. Ошол танктар кийин "темирге" деген шылтоо менен сатылып кетти, азыр аларды Африкада айдап жүрүшөт. Дүйнөлүк деңгээлде курал сатууга шек саналып, кармалган Виктор Бут деген киши АКШнын түрмөсүндө жатат.

- Сиз Баткендин губернаторлугунан “башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу” деген жүйө менен бошогонсуз. Сиздин күтүүсүздөн кызматтан кетишиңиз азыр да талкуу болуп келет.

- Мен губернатор болуп иштеп турганда өзбектерге катуу талаптарды кое баштадым. Өзгөчө Кадамжай менен Баткен районунун аймагында мунай чыгаруучу, сактоочу жайлардын тагдыры боюнча маселе көтөрүп, чоң суммадагы доолорду койгом. Тажиктер менен сүйлөшүп, чек арага байланыштуу бир топ маселелерди чечип жатканбыз. Ушулардын баарын кошуна өлкөлөрдүн облус жетекчилери менен мамилени бузбай ишке ашырганга аракеттерди көрө баштаганбыз.

Менин мындай иштерим Акаевдин айланасындагыларга жаккан жок окшойт. Жогорку Кеңештен комиссия түзүп, облусту текшертебиз дешти. Текшерүүлөр келишти, эч нерсе таппаганда, чайыбызды ичип кетип жатышты. Ал убакта мыйзам боюнча губернатордун ыйгарым укуктары чоң эле, көп маселелерди өз алдыбызча чече берчүбүз. Облустагы кадрлар губернатордун гана макулдугу менен чечилчү. Ал дагы жогору жакка жакпады көрүнөт. Мен кеткенден кийин губернатордон көп укуктарды алып салышты. Кадр дайындоо кийин бизнеске айланып кетпедиби.

- Кошуна өлкөнүн облус жетекчилери кыргызстандык коллегаларын теңине алчу эмес деп калышат. Сиздин учурда кандай эле?

- Өзбекстандын Фергана облусу, Тажикстандын Согд облусунун губернаторлору менден жаш болгондуктан, “Мамат аке” деп сыйлап турушчу. Аларга барганда кызыл килемди салып, сурнай-кернейлерин тартып тосуп алышчу. Сый деген ушул да.

Облустардын активинин алдында сүйлөп жүргөндө менин сөздөрүмө ынанган маанайларын көп байкадым. Мен иштеп турганда кошуна облустар менен түшүнбөстүк жаралган эмес, дайыма бири-бирибизге жардамга кол сунуп турчубуз. Бир жолу бизде жер көчүп, сууну бөгөп калды. Бизде вертолет жок, Фергананын губернатору Атабаевге телефон чалып жардам сурадым. Алардын, биздин өзгөчө кырдаал боюнча жетекчилер менен тоого учуп барып, абалды жеринен көрүп келгенбиз. Кошунабыздын бул көмөгүн кантип унутам?

- Сиз губернатордон кеткенден кийин ошондой мамилелер уландыбы?

- Мен кеткенден кийин баары бузулду. Менден кийинкилер мамилелердин баарын акчага өткөрүп алышты да.

- Ошол учурда сизге КМШ мамлекеттеринин бирине элчи кызматын сунуш кылса, баш тартып койгон деп уктум эле?

- Ошол мезгилдеги президенттик администрациянын башчысы Темирбек Акматалиев чакырып, “Беларуска элчи болуп барыңыз” деп сунуштады. “Мен тобокелчи кишимин, жашым 60тан ашканда элчи болуп эмне кылам?” деп болбодум. “Биз комиссия жиберип облусту текшеребиз” дейт. “Макул текшергиле” дедим. Көрсө, мени губернаторлуктан алуу амалы экен. Аны түшүнгөндөн кийин байбичеме телефон чалып, “даярдан, Баткенден көчөбүз” дегем.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG