Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:23

АКШ Виктор Бутту Орусияга берүүдөн баш тартты


АКШнын Юстиция министрлиги Кошмо Штаттарда соттолгон орусиялык ишкер Виктор Бутту жазасын өз мекенинде өтөө үчүн берүүдөн баш тартты. Буттун адвокаты Алберт Даяндын айтуусунда, АКШнын Юстиция министрлиги Буттун кылмыш иштерге аралашкандыгын буга негиз катары көрсөткөн. Даян болсо Виктор Бут эч кандай кылмыш кылган эмес деген ишенимде.

2-ноябрда чыккан документте Юстиция министрлигинин бул чечими даттанууга жатпай таргандыгы дагы көрсөтүлгөн. Бутту өз мекенине өткөрүп берүү өтүнүчү менен эми эки жылдан кийин кайрылууга болот.

5-апрелде Нью-Йорктун соту Виктор Бутту АКШда террордук уюм деп таанылган колумбиялык козголоңчулардын ФАРК тобуна курал-жарак сатууга аракеттенген деп таап, 25 жылга эркинен ажыраткан.

XS
SM
MD
LG