Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:36

Болот Жанузаков: Акаев президенттикке барбайм деген


Жанузаков: Акаев президенттикке барбайм деген
please wait

No media source currently available

0:00 0:44:32 0:00

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Болот Жанузаков: Акаев өзү президенттикке барбайм деп жаткан болчу.

“Азаттык” үналгысынын “Бийлик сырлары” берүүсүнүн бул жолку коногу - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Болот Жанузаков болду. Ал маекте мамлекеттик кызматтардагы ишмердүүлүгү, алгачкы президент Аскар Акаевдин командасына кантип келип калганы, бийликтеги кландар, үй-бүлөлүк башкаруу, 2005-жылдагы март окуялары, анын кесепеттери ж.б. суроолорго жооп берди.

- Мурдагы президент Аскар Акаевдин агасы Жогорку Кеңешке мандат алып, 2005-жылы кызы Берметтин, уулу Айдардын парламентке депутат болуп келиши моралдык жактан алганда туура болгонбу?

- Туура же туура эмес деп бир жактуу айтканга болбойт. Анткени ал убактагы чечимдер ар кандай себептер менен ишке ашып калса керек деп ойлойм. Ооба, Бермет менен Айдар депутат болуп келгенде чоң чатак чыккан. Бирок ошол учурда Абсамат Масалиев, анын уулу Исхак Абсаматович да депутат болушту эле го…

- Исхак Масалиевдин атасы президент эмес эле да. Алардын абалы башка болчу…

- Аныңыз да туура. Абсамат Масалиевич убагында Кыргызстан Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон. Кандай гана болбосун биздин тарыхыбызда улуу инсандарды сыйлоо кыргыздын канында бар…

- Бермет менен Айдардын Жогорку Кеңешке депутат болуп келиши 2005-жылдын 24-мартындагы окуяны курчутуп, от алышын тездетип жиберди десек болобу?

- Мен бул маселени толук талдабагандан кийин ушул фактылар абалды курчутуп жиберди деп айтканым осол болуп калат. Ал окуяларга өзүм катыштым, көзүм менен көрдүм, өзүмдүн колум менен жаздым…

- Болот Чыныбаевич, сиз 10 жылга жакын биринчи президент менен жанындагы жакын адамы катары иштештиңиз, ал кишинин ийгиликтери аз эмес, бирок, сиз кемчиликтерин да айта аласызбы?

- Кемчиликтерин айтыш мен үчүн кыйын. Аскар Акаевичтин мамлекетти башкарып турганда кандай жакшы иштерди жасаганына баарыбыз күбөбүз, эл билет. 1990-жылдары экономиканы турукташтырууда, тышкы саясатты жөнгө салууда келечектүү көп иштер жасалган.

Ал киши ар бир маселени терең талдап, ошол тармактын адистери менен кеңешип отуруп анан чеччү. Бирок, 2005-жылдагы окуядан кийин Аскар Акаевич бир интервьюсында «кадр тандоодо, адистерди жайгаштырууда бир топ кемчиликтерди кетирген экенмин» айтканы бар. Бул туура айтылган.

- Президент ар бир маселени акылдашып чеччү деп жатасыз. Бирок, Аскар Акаевич эмне үчүн 2005-жылдагы оппозиция менен бир үстөлгө отуруп сүйлөшө алган жок, аларды укпай койду?

- Оппозицияны уккан жок, сүйлөшкөн жок, дегенге кошула албайм. Аскар Акаев 2000-жылдан баштап ар жылы коомдогу бардык күчтөрдү чогултуп алып «тегерек үстөл» өткөрчү. Ага бийликтин, оппозициянын, чет элдик уюмдардын өкүлдөрү жана журналисттердин жоон тобу чакырылып, 100дүн тегерегиндеги адамдардын катышуусунда бардык маселелер ачык-айрым айтылчу, талкууланчу, ага жараша чечимдер кабыл алынчу.

Оппозиция койгон маселелер боюнча Аскар Акаевич президенттик, өкмөт, парламенттин тиешелүү өкүлдөрүнүн катышуусунда бир нече жолу жыйындарды өткөргөн. «2005-жылы дагы президенттик шайлоого барат экен» деген оппозициянын дооматына, Аскар Акаевич 2004-жылы Бишкекте эл менен жолукканда «шайлоого бара албайм, ага мыйзам жол бербейт» так жооп берген.

- Ошол кездеги Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова бизге «Аскар Акаев 2005-жылы президенттик шайлоого катышууга укуктуу» деп корутунду чыгарып бергенин айтты го?

- Аны билбейм. Бирок, Аскар Акаев Бишкекте жана Ошто болгон жолугушууларда «шайлоого барбайм» деп айтканын өз кулагым менен угуп, өз көзүм менен көргөм. Ал сөзүн АКШнын мамлекеттик катчысына да айтканына мен күбөмүн.

АКШнын Кыргызстандагы элчисине «2005-жылы октябрда шайлоо болот, кимди президент кылат, ал элдин колунда» деп мен дагы айттым. Ошондой болгондон кийин бир сөздү улам чыгып эле кайталай бериш керек беле? Элибизде «бир сөздү көп жолу айтса, анын маңызы кетип калат» деген накыл кеби ушул жерге дал келип турат…

- 2005-жылы 24-мартта Аскар Акаевдин бийликтен кулашына Американын таасири, жардамы болгон деп айтылып калат, сиздин оюңуз кандай?

- Бул чындык. Ошол учурдагы Американын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янгдын АКШнын мамлекеттик департаментине жазган каты ушул убакка чейин менде сакталып турат…

- Сиздин колуңузга ал кат кандайча тийип калды?

- Ал биздин ички ишибиз. Каттын мазмуну «Акаев бийликтен кетиши керек, ал үчүн биз мындай-андай иштерди жүргүзүшүбүз керек» деп жазылган.

- Катта оппозицияга жардам берүү жөнүндө сөз болгонбу?

- Ооба, ал дагы бар…

- Оппозицияга акчалай көмөк көрсөтүү жөнүндө айтылабы?

- Ал жагын мен караган жокмун.

- Кат менде, окудум деп жатпайсызбы?

- Окудум дегеним мындай да: андан бери 10 жыл болду, кат менде турат, кааласаңыз көчүрмөсүн чыгарып берейин…

XS
SM
MD
LG