Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:26

Масалиев депутаттардын талуу жерин айтты


Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

“Бийлик сырлары” берүүсүндө Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев экс-президенттин кол тийбестигин жое турган мыйзам жана аткаруу бийлигинин депутаттарды сатып алуу ыкмалары тууралуу айтып берди.

Исхак Масалиев: - 2003-жылы президенттин ишмердигинин кепилдиктери тууралуу мыйзамды кабыл алышканда бир топ мыкты беренелер бар болчу. 2005-жылы Аскар Акаев шайлоого барбай калса эле эч камтама болбой кенен-чонон жашоосуна шарт түзүлмөк. Анда туңгуч президент тууралуу өзүнчө бир глава бар болчу, президенттин кол тийбестиги ырасталган эле. Конституцияда да ал атайын белгиленген.

2005-жылы Конституциядан экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу норманы алып салышты. 2010-жылы кол тийбестик жок болчу, 2016-жылдагы Конституцияда да жок болчу. Бирок мыйзамда экс-президенттин кол тийбестик нормасы сакталып калган, аны эч ким алган эмес. Туура, Конституциянын өткөөл мезгилдеги жоболорунда бул маселе так көрсөтүлгөн, “Конституцияга кайчы келген мыйзам нормалары иштебейт” деп. Ошондуктан биз депутат Курманкул Зулушев экөөбүз жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгып сунуш кылдык, ал боюнча экс-президент статусуна ээ болгон адам кол тийбестиктен ажыратылат.

Бермет Букашева: - Конституциялык палатанын чечимин кантип түшүндүрөт элеңиз?

Исхак Масалиев: - Бул чечимге таң калып отурам. Аларга жөнөкөй суроо берилди го: "“Президенттин ишмердигине кепилдиктер тууралуу” мыйзамдын 12-беренеси Конституцияга туура келеби?" деп. Конституциялык палатанын жообу: "Туура келбейт, анткен менен экс-президент статусу боюнча мына буларга жооптуу, ага мүмкүнчүлүк берилиш керек"… Кол тийбестиктен ажыратуу жөрөлгөсүн татаалдаштырыш керек. Иш жүзүндө аны кандай жасаш керек экенин көрсөтүп атышпайбы. Кызыкча жагдайдын себеби деле белгилүү - Конституциялык палатанын чечимдери бардык органдар үчүн милдеттүү болуп саналат. Эми азыр баары иштеп аткан президентти карап, ал да эртеби-кечпи экс-президент болорун ойлоп, "капа кылып койбойбузбу" деп отурушат. Конституциялык палата иштеп аткан президентке жагыш үчүн ушундай чечим кабыл алды. Жөнөкөй суроого так жооп бериши керек эле: 12-берене туура келбейт, болду, чекит.

Ушинтип иштеп жаткан президентти кызматтан кеткенден кийин эч ким тийишпеши үчүн өзүнчө партия менен фракция түзүүгө мажбурлап жатабыз.

Бермет Букашева: - Сиз көптөн бери депутатсыз. Чынын айтыңызчы, депутаттарды кантип сатып алышат?

Исхак Масалиев: - Ал эми ар кыл болот. Мисалы, жакын адамыңды кызматка алуу, эгер анын ишканасы болсо ал үчүн жакшы шарт түзүү, анын иш-аракети менен ишканасына карата кысым көрсөтпөө. Абдан ыпласы – жакын адамыңа кылмыш ишин козгоп, анан бир күнү аны токтотуп, сени кайырмакка бекем илип алуу.

Депутаттарга карата дагы бир амал-арга бар. Алардын ар биринин партия тарабынан бекитилген округу бар. Анан бир күнү депутат финансы министринен мектепти оңдоого акча бөлүп берүүнү сурайт, министр аны карап туруп минтет: “Дайым бизди урушкан Масалиевге акча бергенче тигиге берем, ал бизди дайыма колдоп келатат”. Сылык-сыпаа айтканда депутат менен аткаруу бийлигинин ортосунда кызматташуунун ушундай формасы да бар. Ошентип анан депутаттар жылуу-жумшак болуп калышат.

Президентке карата мамиле туурасында айтсак – жагдай башкачараак. Ал жерде кезекке турушат. Азыркысын караңыз, мурдагысынын отурган ордунун жылуусу кете элек, ал жерде эмне болуп жатканын көрүп атасыз.

Бермет Букашева: - Асылбек Жээнбековдун таасири тууралуу имиштерге ишенсе болобу?

Исхак Масалиев: - Андай эмес. Болбогон имиштер. Албетте, ага барчулардын катары көбөйдү. Менин депутат кызматташтарым ага тез-тез баш багып, мүмкүн ыкластуу саламдашып калышты, бул эми, албетте, болуп аткан иш. Бирок да ал парламенттин ишине кийлигишип, комитет төрагаларын дайындоо тууралуу көрсөтмөлөрдү бере баштады деп айта албайм.

Бермет Букашева: - Андай болбосо негизги дайындоолор менен маанилүү башка маселелерге келгенде депутаттардын макул болуп кол көтөрүп атканын эмне менен түшүндүрөсүз?

Исхак Масалиев: - Макул болуу - депутаттардын өзүн-өзү сактаганы, анткени депутаттык корпус түзүлгөндөн бери эле аны качан таратылаары жөнүндө маселе козголуп келатпайбы.

2010-жылдан кийин депутаттарды кысымга алуу күчөбөдүбү. Мурдагы чакырылыштын бир топ депутаттары чарбалык же кызматтык укугунан ашыра пайдалануу боюнча жоопкерчиликке тартылбай турган кылмыштарга байланыштуу камакка алынды. Аларды Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси менен камакка алышты, "Жемкорлук" деп, өкүмдү башка беренелерге таяп чыгарышты. Азыр да ошолор кайталанууда. Тилекке каршы, жемкорлукка каршы күрөш менен прокуратура кызматкерлери бийликтин колундагы курал болуп калышты. Кандай бийлик болсо да, аларга кандай бийлик экени маанилүү деле эмес.

Таң калыштуу мындай жагдай бар: кайсы бир аткаминерди камакка алууга санкцияны сот берет, үч жыл илгери ушул эле аткаминер ошол эле сотко буйрук берип отурчу. Сотторго баары бир, кимге санкция бериш анын колунда. Айтыштыбы, болду: ушул санкцияны берет. Мына ушул эң чоң азап да. Мезгили келгенде ар кимдин башын азапка малгандар жооп беришет. Азыр СИЗОдо 20 киши отурат, алардын бир нечеси 6-7 айдан бери бир да жолу сурала элек, суракка чакырышпайт. Андай болбош керек. Эгер адам күнөөлүү болсо айыптоо бүтүмүн чыгарып ишти сотко бериш керек, иштин аныгын сот аныктасын.

Берүүнү толугу менен бул жерден угуңуз:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG